Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

КОММУНИСТТЕР ӨКМӨТТҮ ОСТАВКАГА КЕТИРҮҮ ДЕМИЛГЕСИН БАШТАДЫ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары 2-сентябрда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны жайкы эс алуудан кийинки биринчи отурумуна чогулду. Бул күнү депуттар алдыдагы жыйындарынын күн тартибин талкуулоого киришти жана коммунисттер фракциясы Бишкектин Алатоо аянтындагы В.Лениндин эстелигинин алынып салынышы боюнча маселени палатанын бейшембидеги жыйынында кароону сунуш кылышты. Коммунисттердин пикиринде, В.Лениндин эстелиги жөнүндө мыйзамды бузганы үчүн өкмөт отставкага кетүүгө тийиш.

Парламенттин Коммунисттер фракциясы «Бишкек шаарынын Алатоо аянтындагы В.И.Лениндин эстелиги жөнүндө» мыйзамды бузганы үчүн Николай Танаев башында турган өкмөттүн оставкасын талап кылуу тууралуу маселени бейшембидеги отурумга алып чыкмакчы. Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Апсамат Масалиев Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2-сентябрдагы отурумунда биринчи болуп сөз алып, Алатоо аянтындагы Лениндин айкелин Т.Абдымомунов-Орозбеков-Пушкин-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине жылдыруу менен өкмөт - Жогорку Кеңеш 2000-жылдын 22-майында кабыл алып, ошол эле жылдын 13-июнунда президент Аскар Акаев кол койгон мыйзамды одоно бузгандыгын айтты. Жыйындан кийин бул маселе тууралуу Апсамат Масалиев «Азаттык» радиосунун кабарчысына мындай деди:

- Лениндин эстелигин алуу жөнүндө токтом чыккандан кийин өкмөткө кайрылып, «туура эмес кылып жатасыңар, парламент кабыл алган мыйзамды өзгөртмөйүнчө муну жасоого болбойт» дегенбиз. Ошого карабастан, эстеликти алып салды да, аны Жогорку Кеңешти каратып тургузуп коюшту. Тыякка алып барып «Эркиндик» деген бир эстеликти коюшту. Ал «Эркиндик» эмне экенин, эстеликтин мааниси кандай – аны эч ким түшүндүргөн жок. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин бейшембидеги отурумуна токтомдун долбоорун киргиздик. Өкмөт башчысы мыйзамды одоно бузду, ошол себептен биз президент Аскар Акаевден, Эл өкүлдөр жыйынынан Танаевди тез арада отставкага кетирүүнү суранып жатабыз.

Парламенттин эң карыя депутаты Турдакун Усубалиев да палатанын жыйынында Коммунисттердин көтөргөн маселесин колдой турганын билдирди. Турдакун Усубалиевдин айтымында, өкмөттүн мындай кадамын Кыргыз мамлекеттигинин тарыхынын бир бөлүгүн тануу, жокко чыгаруу катары баалоого болот. Белгилүү болгондой, Лениндин эстелигин ордунан козгогону үчүн Танаевдин өкмөтү отставкага кетүүгө тийиш деген маселени депутат Турдакун Усубалиев «МСН» гезити аркылуу биринчи болуп көтөргөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Ишенбай Молдоташевдин айтымында, бул жерде маселе – Лениндин эстелигинин башка жерге жылдырылганында эмес, кеп - Жогорку Кеңеш тарабынан каыл алынган мыйзамдын катардагы атуулдар тарабынан эмес, бийликтин жогорку өкүлдөрү тарабынан бузулганында болуп жатат.

- Ушуга байланыштуу, - дейт «Азаттыкка» берген маегинде Ишенбай Молдоташев, - Майрам Акаеванын жакында чыккан «Үмүттүн шооласы үзүлбөйт» деген китебиндеги притчаны айтым келип турат. Конфуцийден бирөө «карапайым адам менен бийлик адамынын мыйзамды бузганында кандай айырма бар?» деп сураптыр. Ага акылман: «карапайым адам мыйзамды билбей бузса жана анын залакасы чоң болбосо кечиримдүү болушу мүмкүн, ал эми мыйзамды билип туруп бузган бийлик адамын катуу жазалаш керек» деп жооп бериптир. Ошол эле убакта ушул бир эле маселе боюнча өкмөттү толук курамы менен отставкага кетирүү жеңил ойлуулук болуп калат го деп ойлойм.

«Мыйзам бузулду, ошол себептен өкмөт отставкага кетүүгө тийиш» деп эсептеген Коммунисттер фракциясы менен «мыйзам бузулду, бирок, бул үчүн эле өкмөттүн отставкасын талап кылуу шашылыш чечим болуп калат» деген депутаттар тобунан тышкары да парламентте «өкмөт Лениндин эстелигин жылдырып, туура чечим кабыл алган» деген да пикирлер бар. «Менин өлкөм» партиясынын лидерлеринин бири, «Оң ордо» фракциясынын мүчөсү Зайнидин Курмановдун айтымында, Лениндин эстелигинин башка жерге жылдырылганы туура болду:

- Мен саясатчы катары гана эмес, тарыхчы катары да айткым келет, - Лениндин кыргыз элинин өнүгүшүнө кошкон чоң салымын эч ким жокко чыгара албайт. Бирок, ар бир жаңы замандын өз символдору болот. Ленин – эски замандын символу. Азыркы өкмөттүн чыгарган чечими туура.

Парламенттин бейшембидеги отурумунда өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал да талкууга алынмакчы. Ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышмакчы. Мына ошол чоң жыйында коммунисттер өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылып, башка депутаттардан мындай демилгени колдоп берүүнү суранмакчы. Учурда өлкөдө социалдык-экономикалык абалдын жакшы эместигин эске алганда, Лениндин эстелиги өкмүттүн кезектеги алмашуусуна себеп болуп береби деген суроо пайда болду.

XS
SM
MD
LG