Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Ооганстандын түштүк-чыгышында масштабдуу операциялар жүрүп жатат.


Америкалык бөлүктөр жергиликтүү өкмөттүк аскерлердин коштоосу менен талиптерди тоо өндүрүндөгү бекемделген чептеринен сүрүп чыгарышты. Операцияга согуш авиациясы катышууда. Муну бүгүн америкалык аскерлердин өкүлү полковник Родни Дэвис ырастады. Коалициялык аскерлерден кандай жоготуу болгону айтылган жок, бирок Дэвистин маалыматтары боюнча акыркы аптанын ичинде талиптердин 67 кишиси окко учту. Ооган лидери Хамид Карзайдын өкүлү Жауд Лудин да Забул провинциясындагы уруштарда талиптер базаларын калтырып, алдаалап качып жаткандыгын кабарлаган эле. Акыркы маалыматтарда талиптер районго кошумча отряддарын тартып келгендиги айтылат. Ырасмий Кабул өткөн аптадагы кагылыштарда ондон ашуун кишисин жоготкондугун ырастады. Ооганстандын тышкы иштер министри Абдулла талиптер тыш жактан, өзгөчө Пакистан тараптан өтүп келип активдешип жатканын, бирок ырасмий Исламабад аларга каршы күрөштө чечкиндүү аракеттерди көрбөй жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG