Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

Кошмо Штаттардын финансы министри бүгүн Кытайга келди.


Жон Сноу бул жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Кытайдын улуттук валютасына байланыштуу маселелерди талкуулайт. Эл аралык валюта фондусу бүгүн Пекинди юандын курсун эл аралык рыноктун конъюнктурасына ылайык келтирүүгө чакырды. Юандын наркы америкалык долларга алып эсептегенде бир кыйла арзан, мындай абал америкалык товар өндүрүүчүлөр үчүн олуттуу чыгаша алып келүүдө. Жон Сноу Пекинге келер алдында Кытайдын Элдик банкы валюта саясатын өзгөртпөй тургандыгын билдирген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG