БИШКЕК. Борбор Азиядагы Америка университетинин даярдоо бөлүмүнө быйыл ооганстандык 10 студент кабыл алынды. Былтыр ага 12 ооган студенти кабыл алынган. Алардын ичинен 8 студент белгилүү финансист Жорж Соростун «Ачык коом» институтунун каржылык көмөгү менен билим алышууда. 9-сентябрда Борбор Азиядагы Америка университетинин жетекчилиги менен ооганстандык студенттер маалымат жыйынын өткөрүшөт. Бул тууралуу маалымат бүгүн ушул окуу жайынан алынды.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев.
Редактор – Жыргалбек Касаболотов.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев.
Редактор – Жыргалбек Касаболотов.