Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Жалалабад облусундагы бөлүмү ишке киришти


ЖАЛАЛАБАД. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин облустук бөлүмү жыйын өткөрүп, анда Бишкектеги отчеттук кайра шайлоо чогулушунда каралган маселе боюнча маалымат берилди. Комитеттин облустагы координаторлугуна жаңы дайындалган Молдосалы Ибраимов бөлүмдүн мындан аркы иш пландары менен анын мүчөлөрүн тааныштырды. Ал кесиптештерин ар түрдүү саясий оюндарды, жаатташууну унутууга, бийлик тарабынан эске алынбай жаткан карапайым адамдардын укугун коргоого, арыздар боюнча тиешелүү уюмдар менен чогуу иштешүүгө чакырды. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин облустук бөлүмү былтыр ноябрь айында өз ишин токтоткон болчу. Ал эми комитеттин облустагы мурдагы координатору Александр Судаков жаңы уюшулган уюмдун мыйзамсыз экендигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG