Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

«Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилигине алданып калган атуулдар Бишкекте нааразылык акциясын өткөрмөк болушту


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек мэриясынын имаратынын артында «Рентонгрупп» компаниясына алданган миңге жакын киши жыйын өткөрүштү. Жыйындын катышуучулары 5-сентябрда Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүү жана мындан 4 жыл мурда түзүлгөн «Акча салуучулар» бирикмесине кошулуу тууралуу чечим кабыл алышты. Бирикменин президенти Жолборс Мырзапаязовдун маалыматына караганда, алданган атуулдардын өкүлдөрү жыйындын соңунда кыргыз өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Токтобек Акматов менен жолугушту. Өкмөттүн өкүлү атуулдардын арыз-муңун премьер-министр Николай Танаевге маалымдап, тиешелүү жооп берээрин убада кылды. «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, мындан бир нече күн мурда «Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилиги элден жыйнаган акчаларын ээлерине кайтарбай, дайынсыз качып кеткен. Компаниянын кредиттик карызы 263 млн. сомго жеткен жана 2001-жылы 55 млн. сом өлчөмүндөгү облигация чыгарып саткандыгы басма сөздө маалымдалган.

XS
SM
MD
LG