Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

КАВКАЗДАГЫ ОРУСТАРДЫН АБАЛЫ


Нарын АЙЫП, Прага Советтик мезгилде деле орустардын саны Кавказ жумурияттарында аз болчу, СССР чачырагандан кийин болсо алар Азербайжан, Армения жана Грузияда дээрлик жок калды. Бардык эксперттердин айтымында, орустардын Кавказдан кетишинин эң негизги себеби - катаал экономикалык абал, бирок аны менен кошо коопсуздук жана улутчулдук маселелерин да атаса болот.

1989-жылы өткөрүлгөн каттоо боюнча Азербайжанда 392 миң, Грузияда 350 миң жана Арменияда 52 миң орус жашаган. Акыркы маалыматтар боюнча, алардын саны 14 жылдын ичинде бир кыйла кыскарды жана азыр Азербайжанда 142 миң, Грузияда 75 миң жана Арменияда 12 миң орус калды. Өлкөлөрдүн жалпы калкы менен салыштырганда, бул сан бир-эки пайыздын гана тегерегинде же андан да аз. Ошондуктан Кавказ жумурияттарында азыр орус проблемасы дээрлик жок жана алар туш болгон кыйынчылыктар - алардын өздөрүнүн гана маселелери десе болот.

Орустардын бул үч өлкөдөн акыркы он жылда жапа тырмак көчүп кетишинин себебин көпчүлүк эксперттер - түзүлгөн оор экономикалык абалдан көрөт, бирок Азербайжан, Армения жана Грузияда 1990-жылдардын башында кадимки эле согуштар орун алганын да унутпаш керек. Абхаздар же армяндар өз улуттук кызыкчылыктарын коргоп, колуна курал алган мезгилде бул жумурияттарда жашаган орустар, албетте, башын коргоп Орусия же башка өлкөлөргө качкан. Андан тышкары, Грузиядагы көпчүлүк орустар - мурда анын курамындагы Абхазияда жашаган жана бул жумурият өз эгемендүүлүгүн жарыялаганда, анын орустарынын да Грузияга тийешеси жок болуп калган.

Бирок орустардын эмиграциясына жаңы эгемендүү жумурияттардагы улутчулдук да бир топ салым кошту. Мисал үчүн, президент Звиад Гамсахурдианын учурунда Грузияда бир топ катуу улутчулдук орун алган, бирок эң негизгиси - СССРдин башка жумурияттарындагыдай эле, аларда жашаган орустар жаңы бийликти өзүнүкү катары санабагандыгында жана өздөрүн жаңы шартта улуттук азчылык катары сезип, жаңы абалды кабыл албаганында.

Армениядагы "Россия" аттуу уюмдун төрагасы Юрий Яковенконун пикиринде, орустар Армениядан - жаңы бийлик өтө улутчул болгондуктан кетүүгө аргасыз болгон:

- Бул эмиграцияны кантип түшүндүрсө болот? Аны түшүндүрүү үчүн, бир эле фактты эстеш керек - 1993-жылы Арменияда армян тилин улуттук тил деп жарыялаган мыйзам кабыл алынган жана университеттердеги орус факультеттери менен орус мектептери алеки саатта жабылган. Ошондон бери Армениядагы билим берүү армян тилинде гана жүргүзүлөт жана ушул - эң негизги себеп.

Он эки жылдын ичинде Кавказ жумурияттарынан - аймакка советтик мезгилде көчүп келген орустар же алардын балдары гана эмес, жүздөгөн жыл бою жашаган духоборлор же молокандар да көчүп кеткен. Мисал үчүн, XIX-кылымда Кавказга көчүрүлгөн орус духоборлорунун саны 1989-жылы жети миңге жеткен болсо, азыр аймакта бир миңдин тегерегиндеги духобор гана калды.

Армениянын өкмөтү акыркы мезгилде орустарга жардам көрсөтүп, аларды коомдук турмушка кошуу боюнча атайын мамлекеттик программа кабыл алды жана кээ бир мектептерде орус тилинде сабак берүү да киргизилди. Грузиянын алтымышка жакын мектебинде азыр сабактар эки тилде өтөт. Бирок баары бир орустардын көпчүлүгү өз келечегин жергиликтүү калк жана жергиликтүү маданият менен байланыштырбайт.

Колунда барлар өз балдарын окууга же Орусияга, же Батышка жиберүүгө аракеттенет, күүлүү-күчтүүлөр болсо өздөрү Орусияга барып иштөөгө умтулат. Бирок экономикалык катаал абал менен байланыштуу Кавказ жумурияттарынан Батышка же ошол эле Орусияга азербайжан, армян же грузиндер деле кетип жатат.
XS
SM
MD
LG