Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

КЫРГЫЗСТАНДЫН КОШ МАЙРАМЫ, АЖАРДЫН ЭСТЕЛИГИ, ДЕПУТАТТЫКТЫН БААСЫ, ЧЕТ КЫРГЫЗДАРЫНЫН САНЫ


Дүйнө кыргыздарынын II курултайы, эгемендиктин 12 жылдыгына арналган майрамдык шаң-салтанаттар тууралуу кыргыз басылмаларында арбын жазылды. Президент А.Акаевдин курултайда сүйлөгөн сөзү, майрамдык салтанаттар кандай өткөнү, оппозиция менен бийликтин күрөшү, парламенттик, президенттик шайлоолордун тымызын камылгалары мезгилдүү басма сөздө кенен-кесир чагылдырылууда. 1-сентябрдан тартып өлкөнүн орто жана жогорку окуу жайларында сабактар башталды.

Президент А.Акаев 2005-жылкы шайлоого катышпастыгын айтканына эле ыраазы болгондор «анын өзүн эле эмес, бүт үй-бүлөсүн мамлекет өмүр бою бапестеп бага турган сый-урмат» ыроологон мыйзам кабыл алышынын жөн-жайын шейшембидеги «Агым» гезитинде Алым Токтомушев чечмелеп берди. Автордун жазганына караганда, мындай саясий соода «бийлик тынч жол менен алмашсын» деген аруу тилектен чыккан. А.Акаев жасаган-эткен иштеринин бир да бирөөнө жооп бербейт. «Ошонун баары «2005-жылы кызматтан кетем» деген бир ооз сөздүн кунубу? Өтө кымбат эмеспи?» деп жазат автор.

Бийлик кумарына, постсоциалисттик Борбор Азиянын президенттери Гейдар Алиевдин жолун жолдоп, кызматын өзү кетсе уул-кызына өткөрүп берүү аракетине өтүшкөнүнө, көбү өлөр-өлгүчө «түшпөс хан» болуп алышканына Жолдошбек Зарлыкбеков «Президенттер жарышы. Г.Алиевдин «үкөлөрү» так береби?» деген макаласында токтолгон.

Ушул эле гезитте Эркин Пиримов «депутаттык мандат канча тураарын» иликтөөгө алган. Автордун болжолунда, эмки президенттик шайлоодо жалаң капчыктуулар ат салышат. «Базаркоргондон ат салышып өтпөй калган бир талапкер «шайлоочуларымдын ар бир берген добушу мен үчүн 1000 сомдон турду» деп муңканганы бар. Ошол шайлоодо ал 5610 добуш алган. Алардын ар бирине 1000 сомдон берген болсо, бечара 5 миллион сомдон ашык чыгым тартыптыр», деп жазат Э.Пиримов.

Шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити президент А.Акаевдин Дүйнө кыргыздарынын II курултайында, Эгемендик күнүнө карата сүйлөгөн сөздөрүн жарыялады. Президенттин айтымында, Атамекен окумуштууларынын, чет элдик илимпоздордун көмөгү менен кыргыз элинин тарыхы кайтарылып берилди. Эми улуттук-патриоттук дем-дымак менен иштеш керек. Президент А.Акаев курултайда 2010-жылга чейин жакырчылыкты эки эсе азайтуу, 2015-жылга карата кедейликти таптакыр жоюп, калктын өздүк кирешесин эки эсе көбөйтүү милдетин койгонун айтты. Чет жерде жашаган кыргыздардын эң арбыны Өзбекстанда, 370 миңден ашуун улутташтарыбыз жашап жатканын маалым кылды. Курултайда чыгып сүйлөгөн Мерген Парпиевдин кабарлаганына караганда, Өзбекстандагы кыргыздардын саны 1 миллионго жакын. Президент А.Акаев ушу тапта Кытайдын Кызылсуу автоном округунда 150 миң, Тажикстанда 106 миң, Түркияда 4 миңге жакын кыргыздар жашаарын билдирди. Так эмес маалыматтар боюнча, Орусияда 100 миңден ашуун, Казакстанда 11 миң кыргыз жашайт.

Быйыл миллиондон ашуун балдар-кыздар мектеп босогосун аттай тургандыгы, өлкөдө 2029 мектеп «Билим күнү» эшигин ачканы, окуу китептеринин проблемасы дагы эле чечилбей келатканы Д. Ащеуловдун ушул эле гезиттеги макаласында баяндалат. Бишкектин «Акбосого» жаңы конушунда 120 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп ачылганын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» басылмасы кабарлады. Жаңы мектеп 8 айдын ичинде курулуп бүткөрүлгөн.

Кыргызстан өз алдынча республика болушу үчүн Жусуп Абдырахманов бардык билим-күчүн сарптаганы Гүлмира Ибраимованын ушул эле гезиттеги макаласында баяндалат. Ж. Абдырахманов Кыргызстанды толук өз алдынчалыкка жеткирүүгө, СССРден бөлүп чыгууга аракет кылган. Анын мындай иши ошол кездеги бийлик билермандарына жаккан эмес. Алар Ж.Абдырахмановду марксисттик-лениндик идеалдан баш тарткан киши катары айыпташкан. 1938-жылы Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Ж.Абдырахмановду «эл душманы» деп атылган. «Ал кезде кандуу жазалоонун арааны ачылып калган чак болчу», деп жазат Г.Ибраимова.

Кыргыз чек арачылары Бедел ашуусунан тапкан жаш аялдын сөөгү коюлган жерге 1916-жылкы Үркүндө набыт болгондордун «Ажар» эстелиги тургузулаарын шейшембидеги «Эркин тоо» гезитинде Бегим Турдалиева жазып чыкты.

Белгилүү коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, академик Абдыганы Эркебаевдин илимий, чыгармачылык ишмердиги Өскөнбай Козубаев, Садык Тиллебаев, Аскар Медетов жазган макалада чагылдырылган.
XS
SM
MD
LG