Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

2-сентябрда кечинде Вашингтон шаарында америкалык Конгресстин бюджет боюнча комитети атайын доклад жарыялады жана анда келтирилген маалыматтарга караганда, АКШ өзүнүн азыркы аскерлерин Иракта дагы 7-8 ай гана кармай алат, андан соң ири кыскартуулар талаптуу. Ошондуктан америкалык жетекчилик азыр Иракты калыбына келтирүү иштерине Бириккен Улуттар Уюмун кеңирирээк тартып, өлкөгө дүйнө мамлекеттеринин аскерлерин алып келүүгө аракеттенүүдө.

Азыр Иракта он америкалык дивизия бар жана алардын катарында 150 миңге жакын аскер кызмат өтөйт, ал эми кошуна мамлекеттердеги күчтөрдү кошкондо, алардын жалпы саны 180 миңге жетет. Дүйнөнүн бардык башка мамлекеттеринен Иракка чогулуп келген аскерлердин саны болсо 21 миң гана адам жана алардын 11 миңи Улуу Британиядан келген. Ар бир ай сайын америкалык жетекчилик өзүнүн Ирактагы аскерлерине азыр 4 миллиард доллар коротууда жана Конгресстин бюджет боюнча комитетинин эсеби боюнча, 2004-жылдын жаз айларына чейин Ирактагы аскерлердин саны кыскартылып, Пентагон Иракта 38 миңден 64 миңге чейин гана аскер кармай алат. Ошондо Ирактагы америкалык аскерлерге жыл сайын 12 миллиард доллар коройт.

Аскерлердин санын көбөйтүү үчүн Иракка америкалык суучулдар, атайын коопсуздук күчтөрүн жана гвардияны да жиберип, аскерлердин жалпы санын 106 миңге жеткирүү мүмкүн, бирок анда жалпы бир жылдык чыгым 19 миллиардка чейин өсөт. Андан тышкары, азыр Босния, Косово, Синай жана Окинавадагы америкалык аскерлердин санын кыскартып, алардын бир бөлүгүн Иракка алып келсе, дагы 12-13 миң аскер чогулат жана эгер президент Буш Иракка дагы кошумча эки дивизия жиберсе, бардыгы болуп Иракта эмдиги жылдан тартып АКШ 129 миң гана аскер кармай алат жана жалпы чыгым жыл сайын 29 миллиард долларга чаап барышы мүмкүн. Сенатор Ричард Лугардын эсеби боюнча, аскерий эмес иштер үчүн Иракта келерки беш жылдын ичинде АКШ дагы 30 миллиард долларга жакын каражат коротууга аргасыз болот. Ошондуктан, сенатор Роберт Бөрддүн айтымында, Ирактагы согуштан кийинки абалга америкалык жетекчилик даяр эмес болуп чыкты.

Согуш баштаар алдында АКШ Бириккен Улуттардын Ирак боюнча атайын резолюциясын даярдаган, бирок анын Коопсуздук Кеңешинде өтөөрү күмөн болуп чыкканда, аны добушка коюудан баш тарткан жана согушту өз алдынча баштаган. Ал кезде америкалык саясатчылар арасында - Бириккен Улуттар эч нерсеге жарабаган уюм жана анын азыр кереги да жок деген пикир кеңири тараган, бирок согуштан кийин АКШ Иракта ири кыйынчылыктарга кептелген соң, май айында Коопсуздук Кеңеши тарабынан атайын резолюция кабыл алынып, Бириккен Улуттардын Ирактагы мааниси анча-мынча жогорулатылган.

Анткен менен дүйнө өлкөлөрү Иракка өз аскерлерин жиберүүгө шашкан жок жана алар - Ирактагы иштерде Бириккен Улуттар негизги мааниге ээ болушун талап кылууда. 2-сентябрда президент Буш мамлекеттик катчы Колин Пауэлл менен сүйлөшүп, АКШ тарабынан даярдалган Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясынын долбоорун жактырды. Резолюция боюнча, Ирактагы саясий маселелер, шайлоо өткөрүү жана башка иштер үчүн Бириккен Улуттар жооптуу болот, сырттан келген аскерлерге эл аралык макам берилет, бирок аскерий башкаруучулук баары бир АКШнын колунда калмакчы. Америкалык дипломаттар эми бул долбоорду Коопсуздук Кеңешинде өткөрүү үчүн дүйнө мамлекеттери менен сүйлөшүү жүргүзөт жана долбоор сентябрдын аягында колго салынмакчы, анткени октябрга Ирак боюнча донор өлкөлөрдүн конференциясы дайындалган.

Иракта америкалык аскерлерге азыр күн сайын чабуул жасалууда жана согуш аяктагандан кийин эле куралдуу кагылышуулардан курман болгон америкалык аскерлердин саны алтымыш жетиге жетти, дагы ошончо аскер ар башка кырсыктардан каза тапты. Согуш учурунда болсо бардыгы болуп 172 америкалык аскер курман болуп, дагы 89 адам кокустуктардан өлгөн.
XS
SM
MD
LG