Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:35

Британиянын Ирандагы элчилигин белгисиз адамдар аткылашты.


Тегерандагы британ элчилигинин имаратын жума күнү эртең менен кимдир бирөөлөр кыска убакыт аткылаганына байланыштуу Лондон Ирандагы элчилигин убактылуу жапканын жарыялады. Ушул эле күнү Ирандын тышкы иштер министрлиги куралдуу чабуулду айыптап, анын күнөөкөрлөрүн сөзсүз табууну убада кылды. Британиянын тышкы иштер министрлиги окуядан адамдар жабыр тартпаганын, элчиликтин терезелери гана күбүлүп түшкөнүн билдирди. Окуя бирок, эки өлкөнүн ансыз да салкындап кеткен мамилелерин дагы курчутту. Анын алдында Тегеран - мурдагы ирандык дипломат Лондондо камакка алынганына байланыштуу Британиядагы элчисин "кеңешүүгө" деп чакыртып алган болчу. Британия Ирандык экс-элчи Хади Сулейманпурду 1994-жылы Буэнос-Айресте жөөттөрдүн борборунда болгон жардырууга тиешеси бар деген Аргентинанын шектенүүсү боюнча кармаган. Иран мурдагы дипломат Тегеранга каршы саясий куугунтуктан улам кармалды деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG