Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Багдадда Саддамдан кийинки алгачкы өкмөттүн мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.


Ирактын утурумдук Башкаруу Кеңеши дүйшөмбүдө дайындаган 25 министр Ирактагы ар башка улуттук жана диний тайпалардын өкүлдөрүнөн тандалган. Алар АКШ көзөмөлдөгөн Ирактын Башкаруу Кеңешине баш ийип, отчет беришет. Шаршембиден тарта Ирактын түштүк бөлүгүндөгү коопсуздукту күзөтүү милдетин америкалык аскерлер польшалык командачылыкка өткөрүп беришти. Польшалык генерал Андржей Тышкевиц 21 мамлекеттин 9200дөй жоокеринен куралган көп улуттуу контингентти башкармакчы. Ирактык шийилердин борбору - Нажаф шаарындагы кырдаалды көзөмөлдөө милдети азырынча АКШ аскерлерине калтырылды.

XS
SM
MD
LG