Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ ДЕҢИЗ МЕНЕН ЧЕКТЕШПЕГЕН МАМЛЕКЕТТЕРДИ КОЛДООГО АЛУУДА


28-29-августта Алматы шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси астында деңиз менен чектешпеген мамлекеттердин транспорт министрлеринин эл аралык конференциясы өттү. Ага Дүйнөлүк Банк, Европа Өнүктүрүү Банкы, Азия Өнүктүрүү Банкы сыяктуу бир катар каржы уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында деңиз менен чектешпеген, өнүгүү жолундагы мамлекеттердин транзиттик жүктү жана жүргүнчүлөрдү ташуусуна колдоо көрсөтүүнүн жолдору, транзиттик тариф саясаты боюнча маселелер талкууга алынды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы өткөн жылдын 20-декабрында 57/242 резолюциясын кабыл алган. Анда деңиз менен чектешпеген, жаңыдан өнүгүү жолундагы мамлекеттердин транспорт министрлеринин жана дүйнөлүк каржы уюмдарынын өкүлдөрүнүн эл аралык конференциясын 2003-жылы Алматы шаарында өткөрүү белгиленген болчу.

Жыйында тарыхтын буйругу менен, географиялык шартка байланыштуу башка мамлекеттердин курчоосунда жайгашып, деңиз менен чектешпеген мамлекеттер башка өлкөлөр тарабынан жүргүзүлгөн транзиттик катаал саясатка кабылып келатканы айтылды. Алар коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу жүк же жүргүнчү ташып өткөнү үчүн кымбаттатылган транзиттик жыйымдарды төлөп тураары белгиленди.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында бул эл аралык конференцияга катышып келген транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажикеевдин сөзүнө караганда, Түштүк Америкадагы, Африкадагы жана Евразиядагы деңиз менен чектешпеген 34 мамлекеттин жана эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү «Алмата декларациясы» деп аталган документти кабыл алышты.

- Документтин негизги максаты – деңизге жолу жок мамлекеттерге эл аралык каржы уюмдарынын колдоо көрсөтүшүнүн жолдорун иштеп чыгуу. Себеби, мындай өлкөлөрдү «экономикалык абалы оор» деп күнөөлөгөндүн ордуна, аларга транзиттик өлкөлөр жардам берүүгө тийиш. Ошондо гана соода алакалары жакшырмакчы.

Айзат Ажикеевдин айтымында, Алмата декларациясына ылайык дүйнөдөгү каржы уюмдары деңиз менен чектешпеген өлкөлөргө жеңилдетилген шарт менен карыз акча берүүгө сөз беришти. Кыргызстан үчүн бул өтө маанилүү. Анткени Торугарт аркылуу Кытайга салынуучу темир жолду, Балыкчы-Кочкор-Каракече-Торугарт темир жолун бүтүрүүгө Кыргызстан каражат издеп жатканы белгилүү. Ажикеевдин кошумчалаганына караганда, декларацияда айтылгандардын аткарылышына Бириккен Улуттар Уюму өтө ынтызар, ошондуктан бул документти көзөмөлгө алуу милдетин уюм өз мойнуна алды.

Кыргызстандан эң жакынкы деңиз жээгине чейинки аралык 2000 чакырымдын айланасында. Кыргызстан деңизге Пакистан, Иран, Түркия аркылуу чыгууга аракет кылууда. Мындан тышкары, Торугарт аркылуу Кытайга салынуучу темир жол Кыргызстанды Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү, Индиядагы портторго алып чыгат деген ишеним бар. Алмата жыйынында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу Борбор Азия мамлекеттеринин деңизге чыгышы үчүн Ооганстандагы абалдын турукташканы маанилүү маселе экени айтылган.

Коңшуларына караганда эртелеп Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчөлүккө өтүп алган Кыргызстан көптөн бери Казакстан жана Өзбекстан тарабынан катуу транзиттик саясатка кабылып, экономикалык кысымда келатканы белгилүү. Айзат Ажикеевдин сөзүнө караганда, Алмата декларациясында транзиттик өлкөлөр коңшуларына жол ачып, акыны азайтышы керектиги айтылган.

- Декларациянын экинчи позициясы - транзиттик өлкөлөр бардык тоскоолдуктарын алып салууга тийиш. Казакстан менен транспорт багытындагы жаңы келишимге кол коюуга ниеттенип атабыз. Ага кол коюлса, Казакстан аркылуу уруксат берүүчү документтери жок эле өтүүгө мүмкүн болуп калат. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуучу 34 каттам Өзбекстан тарабынан бир жактуу жабылган. Өзбекстан Кыргызстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринен кийин гана негизги коридорлорду аныктайбыз.

Жакында Исламабад шаарында Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Пакистан мамлекеттеринин ортосунда төрт тараптуу келишим талкууга алынды. Ага ылайык Кыргызстан Кашмир аркылуу Карачи портуна чыгууга мүмкүнчүлүк алмакчы.
XS
SM
MD
LG