Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Бүрсүгүнү ШКУга кирген өлкөлөрдүн тышкы соода жана өнөр жай министрлеринин жыйыны өткөрүлөт


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Чолпоната шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн тышкы соода жана өнөр жай министрлеринин жыйыны өткөрүлөт. Отурумда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу программанын долбоору даярдалат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. ШКУга Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери мүчө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG