Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келмек болду


БИШКЕК. 6-сентябрда Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин баштаган делегация эки күндүк иш сапары менен келет. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чет элдик делегация президент Аскар Акаев, өкмөт башчысы Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары менен жолугушат. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар боюнча пикир алмашуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG