Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн эсеп палаталарынын төрагаларынын IV сессиясы башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн эсеп палаталарынын төрагаларынын IV сессиясы башталды. Жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Грузиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Орусиянын, Тажикстандын жана Украинанын эсеп палаталарынын төрагалары катышууда. Сессиянын башталышында буга чейин КМШ өлкөлөрүнүн эсеп палаталарынын кеңешине төрагалык кылуу милдетин аткарган Грузиянын Эсеп палатасынын төрагасы Улхан Молашвили өз кызматын Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Азамат Кангелдиевге өткөрүп берди. Отурумдун катышуучулары мамлекеттик каражатка көзөмөл жүргүзүү боюнча өз ара тажрыйба алмашып, биргелешкен жана жанаша текшерүү тууралуу келишимге кол коюшат. Сессия үч күнгө созулат.

XS
SM
MD
LG