Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

ЭРКИНДИК ЖАНА КООПСУЗДУК: АМЕРИКАЛЫКТАРГА КАЙСЫСЫ БААЛУУ?


Кошмо Штаттарында 11-сентябрдагы террордук апааттын эки жылдыгы жакындап келатат. Буга тушташ өлкөдө президенттик шайлоо өнөктүгү башталды: сенатор-демократ Жон Керри шейшемби күнү ырасмий түрдө үгүт-үйүт кампаниясына киришкендигин жарыялады. Америкалык шайлоочулардын арасында болсо баштагы патриоттук маанайдын деми кайтып, конституцияда кепилденген жеке эркиндиктин чектелгенине, экономикалык абалдын начарлашына нааразы болгондор арбып бараткансыйт.

Юстиция министри Жон Эшкрофт жакында америкалык электораттын баш-терисин байкаганы он алты штатты кыдырып, он сегиз шаарда болуп келди. Сапардын натыйжасы анын санаасын жайгара алган жок. Жүз элүүдөн ашкан капкалуу калааларда, айрыкча Сан-Франциско, Балтимор, Филаделфия жана Детройт өңдүү ири шаарларда, атургай Гавайи, Аляска жана Вермонт штаттарында 11-сентябрдан кийин кабыл алынган мыйзам актыларын өзгөртүүнү талап кылган дем-дымак өсүп жатат, өзгөчө Патриоттук акт деп аталган документ шайлоочулардын ыкыласына анчейин ынабай калды. Кала берсе конгресстин өкүлдөр палатасында атайын кызматтардын, айрыкча ФБРдын агенттерине берилген айрым укуктарды алып салууну караган жакындагы мыйзам долбоорун демократтарга кошулуп республикалык партиянын өкүлдөрү да колдоп кетишти.

Эшкрофт өзү мындан эки жылдай мурда аталган мыйзам актылардын кабыл алынышына башкы демилгечи болгондордун биринен эле. Министр террордун коркунучу али толук жоюла элек деп эсептейт. Ошондон улам ал өткөн аптада конгресстеги талкуулардын биринде антитеррордук мыйзамдарды өзгөртүү аракети өлкөнүн коопсуздугун бошоңдото тургандыгын эскертти. Дал ушул мыйзамдардын аркасында, Эшкрофттун ишениминде, америкалыктардын коопсуздугу бекемделди.

Жакында өткөрүлгөн иликтөөлөрдө ырасталгандай, америкалыктардын 55 проценти Патриоттук мыйзам актысын АКШ үчүн зарыл деп баалашкан, 41 проценти бейтарап мамилесин билдиришкен. Ал эми Америкадагы граждандык эркиндик бирикмеси Патриоттук акт ФБРге жана башка атайын кызматтарга артыкча укуктарды берген, ошонун айынан алар көп учурда эч кандай негизи жок эле америкалыктардын жеке турмушуна кийлигишип жатышат деп эсептейт. Мунун өзү, чикаголук Дебра Калдуэлл-Стонанын пикири боюнча, конституцияда кепилденген эркиндик принциптерине каршы келет. Ушул эле Чикагодо өткөн мусулман коомчулугунун курултайында ислам дининин ыкыласмандары антитеррордук мыйзамдардан айрыкча басмырлоого туш болуп жаткандыгын белгилешти. Америкалык мусулмандар кеңешинин башчысы Нихад Аваддын айтымында, атайын кызматтар адамдардын үшүн алып койду, натыйжада алар саясий союздарды түзгөнгө, соопкерчилик үчүн ким-бирөөлөргө акча которгонго батына албай калышты. Мусулман активисттери эми өздөрүнүн граждандык укуктары жана эркиндиги үчүн мындан отуз жыл мурдагы негрлердин оролу менен күрөшүүнү, б.а. кеңири масштабдагы кыймылга айланууну көздөп жатышат.

Коомдук иликтөөлөргө адистешкен менчик Като институнун эксперти Тимоти Ланч да америкалыктар эки жүз жыл ичинде түзгөн эң чоң дөөлөтүнөн – эркиндиктен ажырап калышы ыктымал деп кооптонот. Мындай апаздарды эми президенттик шайлоого камынып жаткан демократиялык партиянын өкүлдөрү өздөрүнүн башкы урааны кылып алганы жатышат. Шейшемби күнү ырасмий түрдө кампаниясын жарыялаган сенатор-демократ Жон Керри шайлоо алдындагы иш-чаралардын баарында президент Жорж Буштун жоопкерчилиги жөнүндө кеп кыларын айтып, аны өлкөнү адаштырып, таптакыр башка жолго салып таштады деп айыптады. Конгрессмен Шерри Браун болсо Жорж Буш президент болгондон бери өлкөдө 2,5 миллион жумушчу орун кыскарганын белгиледи.

Ошол эле учурда америкалыктардын үчтөн экиси Бушка атаандаш боло турган тогуз демократ-кандидаттын биринин да атын жакшы билбейт экен. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, сурамжыга катышкандардын 38 проценти Буштун кайра шайланарына ишенет, ал эми 50 проценти демократтардын талапкери жеңет деп эсептешет. Муну айрым эксперттер 11-сентябрдагы окуялардын эки жылдыгы алдындагы коомдук пикирдин жышаналуу көрсөткүчүнө жоруп жатышат. Бирок баары бир бир жаңсыл тыянак жасаганга али эрте.
XS
SM
MD
LG