Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

ИРАК МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ОРУСИЯНЫН ТУРУМУ


Нарын АЙЫП, Прага Италияга сапар менен барган орус президенти Владимир Путин өткөн ишемби күнү - Иракка киргизиле турган эл аралык аскерлер АКШ тарабынан башкарыла турганына каршы эмес экенин билдирди. Аны менен Путин - Америка Кошмо Штаттарынын Ирак саясатына каршы чыгып келген өлкөлөрдүн турумун бир кыйла солгундатты жана Бириккен Улуттардын Ирак боюнча даярдалган жаңы резолюциясынын кабыл алынышына жол ачты.

Ирак согушун Бириккен Улуттардын жактыруусуз баштаган Америка Кошмо Штаттары өлкөнү калыбына келтирүү иштерин дагы эл аралык коомчулукту кеңири катыштырбастан бүтүрүүгө аракеттенген. Бирок акыркы айларда Иракта улам жаңы террордук аракет ишке ашырылып, улам көп америкалык аскер курман болуп жаткан учурда, америкалык коомдо - андай саясатты өзгөртүү боюнча талаптар айтыла баштады. Эмдиги жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар да өкмөттүн Ирактагы аракеттерин сынга алууда.

АКШ Конгрессинин бюджет боюнча комитети 2-сентябрда жарыялаган маалыматка караганда, чыгымдарды азайтуу үчүн, Ирактагы америкалык аскерлердин саны кыскартылууга тийиш жана жардамга - дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн аскерлерин чакыруу керек. Бирок ан үчүн Ирактагы иштер Бириккен Улуттар Уюмунун кол алдына өтүүгө тийиш, антпегенде бир топ өлкө Иракка өз аскерлерин жиберүүгө каршы чыгууда.

Азыр Иракта 150 миңге жакын америкалык жана 11 миң британиялык аскер бар. Аларды колдогон жыйырмага жакын өлкө болсо, баары биригип 10 миң гана аскер жиберүүгө жетишти. Ар бир апта сайын АКШ өзүнүн Ирактагы аскерлери үчүн бир миллиард доллар коротууда. "Нью-Йорк таймс" гезитинин эсеби боюнча, Ирак согушун даярдоого жана жүргүзүүгө Вашингтон 45 миллиард доллар коротту, андан тышкары гуманитардык жардам үчүн 5 миллиард, ирактык кызматкерлердин маянасы үчүн 8 миллиард, жергиликтүү чарбаны калыбына келтирүү үчүн 7 миллиард жана качкындарды үйлөрүнө кайтаруу үчүн дагы 3 миллиард доллар керек. Бул чыгымды толтуруу үчүн, АКШ Ирактын мунай өндүрүшүн калыбына келтирүүгө аракеттенген, бирок өлкөнүн ишканалары жана куурлары такыр керексиз болуп чыкты жана мунайды сыртка сатуудан өтө деле көп киреше түшпөй тургандай.

Мындай абалда АКШ жетекчилиги Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясынын долбоорун даярдап, 2-сентябрда аны президент Жорж Буш жактырды. Долбоор боюнча, Ирактагы саясий маселелер, шайлоо өткөрүү жана башка иштер үчүн Бириккен Улуттар жооптуу болот, сырттан келген аскерлерге эл аралык макам берилет, бирок аскерий башкаруучулук баары бир АКШнын колунда калмакчы. Эгер Ирак согушуна каршы чыгып келген Алмания, Орусия жана Франция сыяктуу өлкөлөр азыр дагы - Ирактагы бардык иштер үчүн Бириккен Улуттар жооптуу болууга тийиш деп айтканда, АКШ бир топ оор абалда калмак.

Бирок Путиндин 30-сентябрда жасаган билдирүүсү АКШнын пайдасында болууда жана эми Алмания менен Франция дагы АКШга каршы катуу тура албай калышы мүмкүн. АКШ жана Канада маселелери боюнча Маскөөдөгү институттун деректиринин орун басары Виктор Кременюктун айтымында, эки өлкө ортосундагы байланыш өтө деле күчтүү болбогондуктан, аны бузуу же оңдоо бир-эки саясатчынын эле колунан келет:

- Орусия менен АКШ ортосундагы мамилелер - кайсы бир келишимдер, бирдиктүү уюмдар же башка эки тараптуу механизмдерге эмес, эки президенттин достук мамилелерине көбүрөөк негизделген. Ошондуктан бул мамилелер Ирак согушу менен байланыштуу бир кыйла бузулуп кеткен, президент Буштун көңүлү катуу калган жана ал Путинди эмгиче кечире элек.

Батыш Европа менен АКШ ортосундагы мамилелер ансыз деле күчтүү, ошондуктан Путин эми - Вашингтон менен бузулган мамилелерди оңдоону көздөгөн сыяктуу.
XS
SM
MD
LG