Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ УКУК КОРГООЧУЛАРДЫН ТАЛАШ-ТАРТЫШЫ АЯКТАЙ ЭЛЕК


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Экиге бөлүнүп калган Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин жиктелүүсү облустарга да жетти. Комитеттин Жалалабад облусундагы координатору Александр Судаков бирдей аталыштагы жаңы уюмдун Бишкектеги конференциясын легитимсиз деп эсептеп, ага Жалалабаддан барган өкүлдөрдү «адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мүчөлөрү эмес жана алар өздөрүн ошондой атагандар» деп мүнөздөп, маалымат каражаттарына билдирүү таратты. Облустун жаңы уюмга кирген укук коргоочулары комитет облустагы бөлүмдү былтыр ноябрь айында жаап койгондуктан андан бөлүнүп чыккан уюмга кирүүгө аргасыз болушканын ырасташты.

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин облустагы жаңы координатору Александр Судаков 3-сентябрда маалымат каражаттарына билдирүү таратты. Билдирүүдө ал укук коргоочулардын жаңы уюм түзүү менен аяктаган Бишкектеги конференциясын Р.Дырылдаев башында турган комитет тааныбай тургандыгын жарыялады. Мунун себебин Судаков конференцияга комитеттин төрагасы Р.Дырылдаев жана башка жетекчилер катышпаганы менен түшүндүрдү:

- Жалалабад облусунан барган өкүлдөр Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мүчөлөрү эмес. Алар Эдил Корголдоев координатор болуп иштеп турганда комитеттин тапшырмаларын аткарбаганы үчүн өздөрү катышпаган жыйналыштын токтому менен мүчөлүктөн чыгарылган. Түштүк аймагынан «Ош-Бишкек» унаа жолу менен борборго барып келиш үчүн бир адамга кеминде үч миң сом керек. Эгер бийликтегилер уюштурбаса, алар мынча каражатты кайдан табышты? Мен буларды «өзүн-өзү укук коргоочу деп атагандар» деп айтаар элем.

Ал - азыр Австрияда жүргөн белгилүү укук коргоочу Альберт Корголдоев менен анын иниси Эдил Корголдоевден кийин Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин координаторлугуна жакында дайындалган үчүнчү киши.

Адам укугун коргоо боюнча уюшулган жаңы комитеттин облустагы координатору Молдосали Ибраимовдун маалыматы боюнча, облустук бөлүм ишке киришти. Молдосали Ибраимов кесиптештерин саясий оюндарды жана бөлүнүүнү токтотуп, карапайым адамдардын укуктарын чогуу коргоого чакырды. Атуулдардын укуктарын коргоодо эски жана жаңы уюмдардын иш-аракетине ичи чыкпаган укук коргоочу Шарап Абдыкадыров Бишкекке туугандарынын чакыруусу боюнча барып, конференцияга катышып калганын айтты. Ал азыр ич ара жаатташуунун айынан облуста укук коргоо иши унут калганын, андан көпчүлүк жабыркап жатканын маалым кылды. Мындан тышкары, Шарап Абдыкадыров облустук бөлүм былтыр октябрь айында Р.Дырылдаевдин көрсөтмөсү менен жабылганын, уюмга жаңы координатор шайлоо укугу берилбегени менен ишенимдин жоктугу жаңы уюмга башкалар менен кирүүгө түрткү болгонун эске салды.

- Мени эч ким каржылаган жок. Мен дайыма адам укугун коргоп жүрөм. Ал жерде туугандарым жашайт. Рамазан Дырылдаев өз колу менен күбөлүк жазып берген ошон үчүн алардын конференциясына катышууга туура келди. Судаков болсо өзү эле жалгыз, бир нече жолу телефон чалды, «келиңиз, иштейли» деп. Мени Рамазан Дырылдаев алдаганы үчүн, мени эч кандай эсепке албаганы үчүн мен Судаков менен бирге иштешти каалабадым.

Анын кесиптеши Абдыхалим Байматов координаторлукка Александр Судаковду кайсы чогулушта, кайсы укук коргоочулар шайлаганын билбей тургандыгын айтты:

- Бизге эч ким акча берген эмес. Эки ай иштегенден кийин Дырылдаев кабинетибизди жаап таштады. Чогулуш болгон эмес.

Коомчулуктун пикиринде, укук коргоочулар өз ара тил табышпай жатканда карапайым элдин укугун коргоо эстен чыкты.
XS
SM
MD
LG