Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

ЭМНЕСТИ ИНТЕРНЕШИНЭЛ: КЕЛТЕК ЖЕГЕНДЕРГЕ КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨНСҮН


Баян Жумакадыр кызы, Прага Эл аралык мунапыс укук коргоо уюму 4-сентябрда билдирүү таратып, Сербиянын күч бийликтери тарабынан жүргүзүлгөн "Сабре" операциясында көптөгөн одоно укук бузууларга жол берилгенин сынга алды. Өлкөнүн премьер-министри Зоран Жинжичти өлтүргөнгө тийешеси бар кылмышкерлерди табуу жана кылмыштуу топтордун бетин ачуу максаты менен жүргүзүлгөн бул акциянын учурунда камакка алынган ондогон кишилер уруп-сабоолорго, түрдүү кыйноолорго дуушар болгондугу маалымдалат. Укук коргоочулар көптөгөн бейкүнөө адамдардын күнөөсү мойнуна келтек күчү менен койулганганын божомолдойт.

Премьер-министр Зоран Жинжичке кол салуу болгондон баштап киргизилген чукул кырдаал Сербияда 22–апрелге чейин созулган. Расмий билдирүүлөр боюнча, ал аралыкта өткөрүлгөн "Сабре" операциясынын учурунда баары болуп 10 миңден ашуун шектүү киши камакка алынган. Алардын 4 жарым миңи дагы эле тергөө абагында.

Бирок укук коргоочулар бул чоң операциянын учурунда Серб бийликтери сандаган укук бузууларга жол беришкенин айтып жатышат. Эл аралык мунапыс уюму ички иштер министрлиги адамдарды адвокаттар жана жакындары менен кабарлаштырып, көрүштүрбөстөн 30 күндөн ашык убакыт кармаган учурлар арбын болгондугун жана шектүү кишилер айрым кезде прокурордун санкциясы жок эле камакка алынганын белгилеп, министрлик жарандардын укуктарын одоно бузганын баяндайт.

Чукул кырдаал учурулдагы укук бузуулар жөнүндө Эл аралык мунапыс уюму биринчи жолу 3-апрелде, Сербия менен Черногорияны Европа Кеңешине кабыл алуу аземи болуп жатканда эскерткен эле. Уюм анда кишилерди камакка алуу жана тергөө Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитети менен Европанын адам укуктары боюнча сотунун документтеринде бекитилген эрежелерге ылайык ишке ашырылууга тийиш экенин эскерткен болчу.

Серб өкмөтү андай сын пикирлерди эске алмак турсун, кайра өлкөнүн мыйзамдарын катаңдатканга аракеттенген. 11-апрелде Серб парламенти уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү мыйзамына оңдоолорду киргизип, ички иштер министрлигине адамдарды 60 күндүк мөөнөткө чейин прокурордун санкциясыз жана сотсуз камакта кармоого укук берген. Бирок туш тараптан түп түшүрө сындалган бул мыйзамды Сербиянын Конституциялык соту "өлкөнүн негизги мыйзамына төп келбейт" деген аныктама менен күчүнөн кетиргенге аргасыз болгон.

Айлардан бери кескин сынга алынып келатканы менен Сербияда адам укуктары баягы эле абылында. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Лондондо жайгашкан институт тараткан маалыматка кабатырланган Эл аралык мунапыс уюму июль айында өлкөгө өзүнүн делегациясын жиберген. "Сабре" операциясында камакка алынгандардын жакындары укук коргоочуларга тергөө абагында отургандар адам чыдагыс кыйноолорго дуушар болгонун айтып беришкен. Мисалы, Сандра Петрович деген аял “Сабре” операциясы башталганда анын агасы менен күйөөсү камалып, суракка алынганын айтып берген. Күйөөсү Горан Петровичти полиция өлөөрчө сабап, күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн башына желим баштык кийгизип, думуктуруп, кыйнаган. Сандранын айтымында, кыр аркасына келтек жеген агасы май айында түрмөдөн чыгарылса да, алиге балдаксыз баса албайт. Аял тергөө учурунда андан жаман кыйноолорду анын агасы Игор Гайич башынан кечиргенин айтып берген. Күнөөсүн мойнуна алуудан баш тарткан Гайичти полиция денесине суу сээп туруп, электр тогу менен уруп кыйнаган.

Уюмдун айтымында, укук коргоочулар менен сүйлөшкөн кишилердин 25 проценти тартип коргоо жана тергөө кызматкерлеринен келтек жегенин айтышкан. Алардын ар биринин башынан кечиргени уюмдун 4-сентябрда жарыя кылынган документинде майда- чүйдөсүнө чейин баяндалат. Уюм бул баяндамасында, баары болуп, 20 чакты кишинин тарыхын жарыялаган. Белгилей кете турган нерсе, кыйноого негизинен даражасы анчейин жогору эмес кылмышкерлер дуушар болот экен.

Баяндамада Эл аралык мунапыс уюму серб бийликтеринен кыйноо жана уруп сабоо фактылары боюнча кылдат иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылат. Кылмышкер күнөөнү өз ыктыяры менен мойнуна алган учурлардын баарын карап чыгып, анда тергөөгө алынган адамга күч колдонуу болгон-болбогонун аныктоого чакырат. Аны түрмө дарыгеринин протолколу боюнча аныктаса болот. Анткени тергөө абагынан жаза өтөө абагына которулаарда ар бир киши түрмө дарыгеринин кароосунан өткөрүлөт.
Ошондой эле уюм күч колдонуу аныкталган учурларда, жабыркагандарга компенсация төлөп берүүнү талап кылат.

XS
SM
MD
LG