Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

БИЛИМ КӨЙГӨЙҮ, ЭРКИН СООДА АЙМАГЫ, МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН БАРКЫ


Сентябрдын он тогузунда КМШ мамлекеттеринин башчылары Ялтада чогулуп, эркин соода аймагын түзүү маселесин талкуулашат. Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүгө кызыккан мамлекеттер чоң жыйында ич ара экономикалык алака-катыштарын аныктап, ортодогу проблемаларын чечүүгө аракет кылышмакчы. Кыргызстанда жогорку окуу жайлары арбын болгону менен, сапаттуу билим берүү жагынан ийгиликке жетише элек. Миңдеген билимдүү адистер жумушсуздардын катарын гана толуктоодо. Маалымат каражаттарынын калк ичиндеги таасири кандай, элдин жашоо-ахывалы жылдан-жылга жакшырып баратабы? Дүйнө кыргыздарынын курултайы кандай өттү? Өкүмзор бийлик тушунда куугунтукка кабылган инсан эркиндикке чыгабы?

Жума күнү сатыкка түшчү «Кыргыз руху» гезитинде Адылбек Нуржигитовдун «Масс-медиага эл ишенбей калды. Эмне үчүн?» деген макаласы басууга даярдалууда. Автордун жазганына ынансак, айрым маалымат каражаттары бийликтин аракетин гана мактоого алып, калк турмушу жылдан-жылга жакшырып баратканын айтуудан тажашпайт. «Манастан» алынган 7 осуят, улуттук идеология тууралуу көпчүлүк элдин түшүнүгү жок. Президент эл турмушу тууралуу так маалымат алып турат деп айтыш кыйын, аны менен жашоо жылдан-жылга жакшырып баратканын айтуудан тажабагандар гана бетме-бет жолуга алышат.

Басылманын жаңы санында өкүмзор коомдо «эл душманы» аталып, атуулдук укугунан ажыратылган Давлес Айкеев тууралуу Калил Жамгырчиевдин «Абийиримди кайтарып бергиле» деген макаласы басууга даярдалууда.

Дүйнөлүк пролетариаттын жолбашчысы өмүрүнүн соңку жылдарында оор дартка кабылып, анын айынан дүйнөдөн эрте кеткенин баяндаган макала бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинин тиркемесинде жарыяланды. Владимир Ульянов-Ленин психикалык дартка чалдыккан экен. Басылмада коммунисттик номенклатуранын өзгөчөлөнгөн ашканасы, чүйгүн этке карк төбөлдөрдүн жашоо-турмушу кандай болгонун баяндаган макалага да орун берилген. Көпчүлүккө катылуу сыр болуп келген коммунисттик номенклатуранын атайын дүкөн-ашканасы базар заманында акчасы барга баарысы белен кезде катардагы соода түйүнү болуп калды.

Сандан сапатка өтүү аракети дайым эле натыйжалуу боло бербестиги бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитиндеги Марипов менен Байгуттиевдин билим берүү проблемасына арналган макаласында баяндалган. «Республика үчүн канча юрист керектиги так аныкталган эмес, антсе да жаңы Юридика академиясы ачылууда. Бул бир окуу жайынан экинчисине сабак бериш үчүн таман жырткан окутуучуларга эле ыңгайлуу болбосо, жаңы демилгенин оң-терсин таразага салчу киши болбоду», деп белгилейт макаланын авторлору.

Өзбекстандын Улуттук банкынын Ысыккөлдөгү «Рохат» эс алуу жайы көлгө өткөн жергиликтүү кишилердин ар биринен 10 сомдон акы алганына, мындай өзүм билемдик канчага созулаары белгисиз экендигине Асел Шербото «Кошуналарча менчик бөлүшүү» деген макаласында токтолгон. Кыргыз өкмөтүнүн коңшуларга тийиштүү эс алуу жайларын республиканын энчисине өткөрүү аракетинен азырынча майнап чыга элек.

Быйыл 19-сентябрда Ялтада КМШнын мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны чакырылып, анда бирдиктүү экономикалык аймак түзүү проблемасы талкууга алынаарын бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Казакстан менен Украина Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү аракетинде. Кыргызстан расмий Киев кыргыз товарларынын экспортуна тоскоолдук кылбаса, Кыргызстанга карыз экенин моюнга алса гана аны колдоорун билдирүүдө. Казакстан кыргыз товарларын ташып өтүш үчүн оголе көп жол акысын талап кылууда. Бул маселелер жөнгө салынмайын Кыргызстан эки өлкөнүн Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчөлүккө кириш маселесин талкуулабайт.

- «Агымдын» жаңы санында Алманбет Матубраимовдун кабарчыбызга берген интервьюсу жарыяланууда, - дейт басылманын башкы редакторунун орун басары Аскер Сакыбаева. – Түгөлбай Казаковдун казактар тууралуу ой жүгүртүүсүнө гезитибиздин жаңы санында орун берилмекчи. Кыргыз кландары, уруулары тууралуу Баратбай Аракеев да ой жүгүрткөн. Анын макаласы да жарыяланмакчы.

«Аалам» гезитинде жума күнү кандай макалалар жарыяланаары тууралуу басылманын башкы редакторунун орун басары Нургазы Анаркулов мындай дейт:

- Чолпонатада Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы өтпөдү беле. Мына ошол курултайда айрым бир сөздөр айтылды, пикирлер айтылды. Биздин бир окурманыбыз курултай тууралуу пикирин бизге жазып жиберген экен. Мына ошого орун берип жатабыз. Бул саныбызда Кубанычбек Сейдалиевдин «Өлүк бизнеси кимдин колунда?» деген макаласы да жарыяланууда.
XS
SM
MD
LG