Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

АКШ ИРАКТАГЫ АСКЕРЛЕРДИН САНЫН БАШКА ӨЛКӨЛӨРДҮН ЭСЕБИНЕН КӨБӨЙТҮҮНҮ КААЛАЙТ


Бүбүкан Досалиева, Прага АКШнын коргоо министри Доналд Расмфелд Жакынкы Чыгыш менен Ооганстанга визитке чыгаар алдында Ирактагы аскерлердин санын жок дегенде бир дивизияга чейин көбөйтүү зарыл деп билдирди. Анын пикири боюнча, бирок, жоокерлердин саны АКШнын аскерлери эмес башка мамлекеттердин күчтөрүнүн эсебинен көбөйтүлүшү керек.

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелдин билдирүүсү боюнча, Ирактагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ал жакка кеминде дагы 10 миң жоокерди жиберүү керек. Бирок, АКШ мынчалык сандагы өз аскерин жиберүүгө камданган жери жок. Аларды башка мамлекеттердин аскерлери толуктаса жакшы болор эле деген ниетте. Доналд Рамсфелддин билдиргенине караганда:

Башынан бери эле президент Жорж Буш, мамлекеттик катчы Пауэлл жана АКШ Ирактагы жагдайды жөнгө салууда мүмкүн болушунча көп мамлекеттердин катышуусу үчүн аракет кылып келатышат. Бизде азыр 29 мамлекет бар экенин силер билесиңер жана азыр дагы 10-15 мамлекет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мен алардын коалицияга кошуларына ишенем,-деди.

АКШны мындай кадамга эң ириде каражатты үнөмдөө талабы мажбурлап жатат. Анткени, АКШ Ирактагы 140 миңден ашык жоокери үчүн айына 4 миллиард доллар сарптап жатат. Конгресстин бюджет боюнча башкармалыгы шейшемби күнү жарыя кылган иликтөөсү боюнча АКШ Иракта 38 миңден 64 миңге чейинки гана аскерлерин узак мөөнөткө кармай алат. Ошого да АКШ жылына 8 миллиарддан 10 миллиардга чейинки доллар коротот. Конгресстин бюджет башкармалыгы андан тышкары Коргоо министрлиги каражатты үнөмдөп, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аскерлерди башка тармактарга да пайдаланууга тийиш экендигин эскертти.

Ушундан улам Вашингтон Иракка эл аралык бейпилдик күчтөрдү жиберүү боюнча резолюциянын долбоорун даярдап, аны БУУнун кароосуна коюуга аракеттенүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл ал долбоорду жакын арада БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө таратып берерин жана ал Иракты кайра калыбына келтирүү процессинде БУУнун ролун алда канча жогорулатаарын шаршемби күнү билдирди. Колин Пауэллдин мааыматына караганда, ал маселени Франциянын, Орусиянын, Германиянын, Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу алдын-ала талкуулаган жана алар Американын демилгесин колдоо ниетин билдиришкен. Коллин Пауэл “Биз эл аралык коомчулукту бизге кошулууга үндөп жатабыз”, -деп чакырык таштады жана эл аралык бейпилдик күчтөр БУУнун чечиминин гана негизинде түзүлөөрүн жарыя кылды. Бирок, ал көп улуттуу күчтөр баары бир АКШнын жетекчилиги астында болорун баса белгиледи. Анын айтуусу боюнча, АКШ саясий жаатта да, аскерий тармакта да жетектөөчү ролдо кала берет, ал эми БУУ Иракты кайра калыбына келтирүү жана эмдиги жылы жалпы шайлоо өткөрүү иштеринде жетектөөчү уюм боло алат. Доналд Рамсфелдин да пикири боюнча, эгер БУУ резолюция долбоорун колдосо, бул Ирактын да, жалпы эле региондун да коопсуздугун камсыз кылууга жакшы өбөлгө түзүп берет.

Доналд Рамсфелд азыр Ирактагы саны 50 миңге жеткен коопсуздук кызматкерлеринин санын дагы көбөйтүү зарылдыгын билдирди жана алардын катары жергиликтүү адистер менен толукталышы керек. АКШ-Британдык коалиция буга чейин эле Саддамды жактагандар менен күрөшүүгө Ирактын мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурунку адистерин тарта баштаган. Албетте, алар америкалыктар менен кызматташууга чейин мурунку ниет-максатынан таптакыр тангандыгын билдирген тилкаттарды жазышат. Бирок, бул демилге Ирактын Башкаруу кеңешине жага берген жери жок. Маселен, Наджафтагы жардыруудан кийин Башкаруу кеңешинен чыгып кеткен Мохаммад Бакир ал-Юлум өлкө коопсуздугун камсыз кылуу үчүн куралдуу милиция түзөөрүн жана ал коопсуздукту камсыз кыла алаарын жарыя кылды. Анын бир тууганы, шиилердин лидери Мохаммад Бакир ал-Хаким Наджаефтагы жардырууда курман болгондон кийин ал АКШ-Британдык коалиция аскерлери коопсуздукту камсыз кыла албай жатат деп нааразы болуп, анын белгиси катары Башкы Башкаруу кеңешине мүчөлүктөн баш тарткан.

Иракты кайра калыбына келтирүү аракети абдан кымбат болорун АКШ эле эмес Ирактагы эски режимдин кулатылышын жактаган башка мамлекеттер да белгилеп келишет. Муну АКШ, Европа Биримдиги, Жапония, Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлдөрү Брюсселдеги жыйын учурунда айтышкан. Алардын баамында, Иракты толук калыбына келтирүү үчүн көп миллиарддаган долларлык программаларды ишке ашыруу керек. Бирок, ал үчүн эң ириде өлкөдө коопсуздук камсыз кылынышы зарыл.

XS
SM
MD
LG