Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

«Эмнести интернешнл» кыйноолор тууралуу маалыматты текшерүүнү талап кылууда


«Эмнести интернешнл» уюму Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжичти өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелип кармалгандар кыйноого алынып жатат деген маалыматты дыкат текшерүүнү талап кылды. Уюмдун бүгүн тараткан билдирүүсүндө караганда, аларга мындай маалыматты камактагылардын адвокаттары берген. Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжич ушул жылдын 12-мартында атылып өлтүрүлгөн. Бул кылмышка тиешеси бар деп өлкөнүн тартип коргоо органдары 2 миңдей кишини кармаган жана алардын ичинен 44 адамга күнөө коюлган. «Эмнести интернешнл» камактагы адамдар менен түз байланышууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылууда.


Айданбек Акмат уулу, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG