Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Колин Пауэлл Пхеньянды кеңешке кулак түрүүгө чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Түндүк Кореяга кайрылып, анын өзөктүк куралга ээ болуу программасы жараткан кризисти жөнгөрүү боюнча Вашингтондун сунушуна олуттуу кароону сунуштады. Бул тууралуу Колин Пауэлл кечээ күнү Түштүк Кореянын тышкы иштер министри менен Вашингтондогу жолугушуусунан кийин билдирди. Түштүк Кореянын Бээжиндеги сүйлөшүүлөрдөгү өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, өткөн жумадагы сүйлөшүүлөрдө Түндүк Корея өзөктүк программасын күчөтөөрүн билдирген. Пхеньянда мындай коркунучтуу ниет бар экенин Кошмо Штаттар да ырастап жатат. Бээжинде өткөн алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө анын кезектеги раундун өткөрүү макулдашылып, бирок мөөнөтү аныкталган эмес.

XS
SM
MD
LG