Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Забулдагы кагылышуу аяктаганы кабарланууда


Ооган бийликтери өлкөнүн түштүгүндө талиптерге каршы 10 күнгө созулган күрөштө жеңишке жетишкенин кабарлашты. Ооган аскерий кол башчыларынын бири Хажи Сейфулах Хандын айтымында, АКШнын аскердик аба күчтөрү Забул провинциясынын Дай-Чупан районунун тоолорундагы талиптерди позицияларын катуу бомбалоого алды.Забул провинциясынын коопсуздук кызматынын башчысы Халилдин маалыматы боюнча, кагылышуу токтогондуктан, өкмөттүк аскерлер Дай-Чупан районунан чыгарылды. АКШ аскерлери бул чөлкөмдөгү кагылышууда 37 талип өлтүрүлгөнүн кечээ күнү кабарлап, бирок уруштун бүткөндүгү тууралуу маалымат тарата элек.
Пакистан бийлиги болсо Ооганстан менен чектешкен аймагына кошумча аскерлерди жиберди. Исламабад мындай аракетти региондо «Ал-Каида» мүчөлөрү жашынып жүрөт деген маалымат чыккандан кийин жасоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG