Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

Палестин премьер-министри Израилди айыптады


Палестин парламентинде сөз сүйлөгөн премьер-министр Махмуд Аббас Жакынкы Чыгыштагы тынчтык планын аткаруу үчүн ага кошумча бийлик ыйгарым-укуктары керектигин билдирди. Ансыз эл аралык тынчтык планын аткарууда ийгилик болбойт,-деди Махмуд Аббас. Ал Израил Палестин өкүлдөрүн өлтүрүү менен тынчтык жараянды үзгүлтүккө учуратты деди: Хеврон жана Наблустагы Израилдин чабуулдары кол салбоо тууралуу макулдашууну жокко чыгарды.
Палестин премьер-министри парламенттеги сөзүндө АКШны да сындап, Вашингтон «жол картасын» турмушка ашырууда Израилге жетиштүү басым жасабай койду деди. Андан сырткары Махмуд Аббас Палестинанын «легитимдүү президенти» Ясер Арафатка каршы жарыяланган бойкотту токтотууга да АКШны чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG