Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы билдирүү жасады


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы «Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мурдагы төрагасы Рамазан Дырылдаевдин ордуна Болот Тыналиевдин шайланышы мыйзамсыз» деген билдирүү таратты. Федерация кечээ тараткан бул билдирүүсүндө ал Рамазан Дырылдаев жетектеген уюм менен гана кызматташтыгын улантаарын маалымдаган. Билдирүүдө комитеттин 25-августта Бишкекте өткөн конференциясында жетекчи болуп шайлангандар уюмду кайрадан Юстиция министрлигинен мурдагы аталышта каттоодон өткөрүүгө аракеттениши да мыйзамсыз деп көрсөтүлөт. Федерация ЕККУну, БУУну, Евробиримдикти, АКШны жана Кыргызстандагы башка өнөктөштөрүн комитеттин мурдагы курамына колдоо көрсөтүүгө чакырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG