Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Адам укуктары боюнча кыргыз комитети билдирүү таратты


БИШКЕК. «Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин 25-августта өткөн отчеттук кайра шайлоо конференциясы мыйзамсыз, комитеттин уставын одоно бузгандык. Өздөрүн «комитеттин жаңы кызматкерлери жана мүчөлөрүбүз» деп атаган адамдардын 25-августтагы «АКИ-пресс» агенттигиндеги маалымат жыйыны негизсиз». Бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылы жана бир катар бейөкмөт уюмдар маалымат каражаттарына ушундай мазмундагы кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин тагдырын уюмга тиешеси жок адамдардын чечип жатканы тынчыздандыраары, отчеттогу айрым көрсөтүлгөн маалыматтар жалган экени айтылган. Ушул эле күнү комитеттин башкармалыгынын мүчөлөрү да Юстиция министрлигине кайрылуу жолдоп, комитеттин отчеттук кайра шайлоо конференциясында уюмдун уставы, андагы айрым беренелери одоно бузулганын маалымдашкан. Кайрылуу ээлери Юстиция министрлигинен мыйзамдуулуктун сакталышын жана Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин кайра каттоону токтотууну өтүнүшкөн. Комитет 1996-жылы негизделген. Республика боюнча анын 5000ге жакын мүчөсү бар. Азыр Рамазан Дырылдаев мурдагыдай эле өзүн уюмдун төрагасы катары эсептейт. 25-августта Бишкекте комитеттин отчеттук кайра шайлоо конференциясы төрагасы жок өткөн.

XS
SM
MD
LG