Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

КАВКАЗДА ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 15-октябрда Азербайжанда президенттик, ал эми 2-ноябрда кошуна Грузияда парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Бардык эл аралык эксперттердин пикиринде, шайлоо адилет жана таза болоору күмөн, ошондуктан эки шайлоо тең азыркы бийликтин катуу үстөмдүгү алдында өтө тургандай.

Нью-Йорк шаарында жайгашкан Ачык коом институту 2-сентябрь күнү атайын конференция өткөрүп, жакын арада Азербайжан жана Грузияда боло турган шайлоо менен байланыштуу маселелерди талкуулады. Азербайжандан келип конференцияга катышкан эксперт Элдар Исмаиловдун айтымында, өлкөдөгү акыркы өзгөрүүлөр мурдагы жетишкендиктин баарын жокко чыгарууда, анткени Азербайжандагы жогорку бийлик мурас катары берилмей болду. Кавказдагы тынчтык жана демократия маселелерин изилдеген институттун башчысы Гия Нодиянын айтымында болсо, ноябрдагы парламенттик шайлоо учурунда грузиялык бийлик оппозицияга каршы бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт.

Азербайжан президенти Гейдар Алиев 8-июлдан бери ооруканада. Алгач ал өз ыктыяры менен Түркияга дарыланууга кеткен, бирок жүрөгү начар болгондуктан, кийин, 6-августта америкалык ооруканага которулду. Кливленд шаарындагы госпиталда азыр анын жүрөгүн алмаштыруу операциясы даярдалууда, анткени ал 31-июлдан 1-августка караган түнү бир нече мүнөткө токтоп калган. Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде дагы Алиев Бакы шаарында эки жолу удаасы менен эс-учун жоготуп жыгылган.

Ошондуктан Гейдар Алиевдин талабы менен Азербайжан парламенти 4-августта мурдагы премьер-министрди кызматтан алып, анын ордуна Алиевдин уулу Илхам Алиевди дайындады жана эми Илхам - президенттик шайлоого өз атасы менен кошо атаандаш болуп катышат. Бийликтин планы боюнча, шайлоодо Гейдар Алиев жеңип чыгууга тийиш, бирок ал кийин ден соолугу менен байланыштуу кызматтан чегинип, бийликти уулуна өткөрүп берет. Ага чейин президент менен бир нерсе болуп кетсе, бийлик Илхам Алиевди колдоп, аны президент кылып шайлайт.

Мындай абалда таза жана адилет шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес жана өлкө оппозициясы дээрлик күнүгө Бакы шаарында митинг-демонстрация уюштурууда, бирок андан эч деле жыйынтык чыкпай тургандай. Эң негизги маселе - Азербайжан оппозициясы биригип, шайлоого бир талапкер койо албай жатканында.

Грузияда өтө турган парламенттик шайлоо болсо 2005-жылга белгиленген президенттик шайлоо алдындагы негизги күч сынашуу болот. Бир жарым жылдан кийин Эдуард Шеварднадзенин экинчи президенттик мөөнөтү аяктайт жана анын жардамчыларынын баарынын айтымында, Шеварднадзе шайлоого өз талапкерлигин койбойт.

Президенттикке - өлкө компартиясынын мурдагы биринчи катчысы Жумбер Патиашвили, парламенттин мурдагы төрагасы Зураб Жвания, азыркы спикер Нино Буржанадзе, мурдагы укук министри Михаил Саакашвили жана ишкер Давид Гамкрелидзе талапкер болуп көрсөтүлөөрү күтүлүүдө. Патиашвили жакында Маскөөгө келип, президент Владимир Путин менен жашыруун жолугуп кетти, ошондуктан кээ бир байкоочулардын пикиринде, Орусия мурдагы коммунистти колдошу мүмкүн. Буржанадзе болсо жакында Вашингтон шаарында АКШ жетекчилери менен жолукту.

Акыркы сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, бийликке караганда оппозициялык партиялар эл тарабынан көбүрөөк колдоого алынууда. Ошондуктан, эгер 2-ноябрдагы парламенттик шайлоодо оппозиция жеңсе, эки шайлоо ортосундагы мезгилде өкмөт менен парламент ортосунда абдан катуу таймаш болот. Зураб Жваниянын пикиринде, бул эки шайлоо Грузиядагы абалды кескин өзгөртөт: "Бул шайлоо - Грузияда 30 жылга уланган Шеварднадзенин бийлигин токтотот жана өлкөдөгү бийликке жаңы күчтөр келүүгө тийиш".

Бирок жаңы күчтөр өлкөдөгү абалды оңдоого кудуреттүү болоору - такыр башка маселе. Грузиянын азыркы бийлиги кылмыштуу топтор менен биригип кеткен деп күнөөлөнүдө, өлкөнүн абактарынан улам көп кылмышкер биринин артынан бири качып чыгууда, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү барымтага алынганы болсо көнүмүш окуяга айланды. Мындай абал дагы шайлоонун адилет болбосуна орчундуу салым кошот.
XS
SM
MD
LG