Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИНИН ТАШКЕНДЕГИ ЖЫЙЫНЫ АЯКТАДЫ


5-сентябрда Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз жыйыны аяктады. Эки күнгө созулган отурумдун күн тартибиндеги негизги маселелердин бири – уюмдун 28-29-майда Москвада өткөн саммитинин чечимдеринин аткарылышы жана уюмдун 23-сентябрда өтө турган жыйынына даярдык болду. Тышкы иштер министрлери мындан тышкары уюмдун бюджетинин долбоору боюнча пикир алмашышты.

4-сентябрда Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикистан мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери чогулушту. Алар алгач Өзбекстандын тышкы иштер министри Садык Сафаевдин атынан уюштурулган кечки сый тамактын үстүндө бейформал сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кыргызстан тараптан жыйынга тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана анын орун басары, Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюму боюнча улуттук координатору Асанбек Осмоналиев катышышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, жыйындын өзү 5-сентябрда ачылды. Анда 6 мамлекеттин тышкы саясатына жооптуу министрлер ШКУга кирген мамлекет башчыларынын 23-сентябрда Кытайдын борбор шаарында өткөнү жаткан жыйынынын күн тартибин талкуулашты. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары, өлкөнүн Шанхай Кызматташтык Уюму боюнча улуттук координатору Асанбек Осмоналиев Ташкен жыйынына чейин «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берген. Өз маегинде ал уюмга мүчө 6 мамлекеттин башчылары 23-сентябрда «Көп тараптуу соода - экономикалык кызматташуунун программасы» деген документке кол коюшаарын айткан болчу. Мындан тышкары, Бээжиндеги жолугушууда уюмдун бюджетинин да кабыл алынышы күтүлүүдө. Айтмакчы, уюмдун бюджети кандай принципте түзүлөөрү уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорунун 29-31-июлда Алматыда өткөн жыйынынан кийин белгилүү болгон.

Шанхай Кызматташтык Уюму боюнча улуттук координатор Асанбек Осмоналиев уюмдун бюджети тууралуу мындай дейт:

- Августтун ичинде уюмдун бюджетинин такталган жана макулдашылган долбоору даярдалды. Аны 23-сентябрда өтө турган саммитке даярдадык. Мамлекет башчыларынын аны кабыл алуусу күтүлүүдө. Бюджеттин чыгымынын көбүн Кытай менен Орусия, андан азыраак бөлүгүн Казакстан, анан Өзбекстан жана чыгымдын калган бөлүгүн Кыргызстан менен Тажикстан көтөрөөрү тууралуу алдын-ала макулдашууга келдик.

4-5-сентябрда Ташкенде өткөн жыйында уюмдун тышкы иштер министрлери аталган документтерди, анын ичинде уюмдун бюджетин да акыркы ирет карап чыгышып, алымча-кошумчаларын билдиришти. Андан тышкары, тышкы иштер министрлери Бириккен Улуттар Уюмунун жакында өтө турган 58-сессиясына карата БУУ менен ШКУнун ортосундагы кызматташуунун жолдору боюнча маселерди да талкуулашты. Шанхай Кызматташтык Уюму Бириккен Улуттар Уюму менен террорчулукка каршы күрөш багытындагы кызматташтыгын быйыл баштады.

Талдоочулар Шанхай Кызматташтык Уюму соңку учурда олуттуу дүйнөлүк уюмга айлана баштаганын белгилешүүдө. Буга айкын далил – уюмга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 4-сентябрда Бишкекте аяктаган жыйыны. Анын соңунда 6 мамлекеттин прокуратура органдарынын ортосунда террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарга, киши сатыкка каршы күрөштү биргелешип жүргүзүү жөнүндөгү протоколго кол коюшту. ШКУнун каруу-күчкө толуп баратканын уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы соода министрлеринин Чолпоната шаарында 5-сентябрда башталган жыйыны да далилдеп турат. Адистер бул жыйындарды мамлекет башчыларынын Бээжинде өтө турган жолугушуусуна даярдык катары карашууда.
XS
SM
MD
LG