Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

ЧЕЧЕНСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООРГО КАРАТА ҮГҮТТӨӨ ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн, 5-сентябрда Чеченстанда өтүүчү президенттик шайлоого карата расмий түрдө шайлоо өнөктүгү башталды. Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында өтүүсү каралып жаткан шайлоолорго 10 талапкер ат салышмакчы.

«Чеченстан республикасынын жетекчилигине талапкерлердин саны ишкер Хусейн Жабраиловду катарга кошпогондо 10 адам деп эсептелгени менен, негизги талаш эки эле адам ортосунда боло тургандыгы маалым», - деп эсептейт орусиялык байкоочулар жамааты. Булар: Чеченстан администрациясынын башчысы Ахмад Кадыров менен Мамдума депутаты Асламбек Аслаханов.

Бир катар коомдук пикирди иликтоо уюмдары өткөрүшкөн буга чейинки сурамжылоолорго ылайык, республика калкынын негизги бөлүгү Кадыровго эмес, депутат Аслахановго колдоо көрсөтүүгө даяр. Анткен менен Ахмад Кадыров бул суроого карата өзүнүн көрсөткүчтөрү бар экендигин, аларга карата, аны бүгүн республика калкынын 70% колдой тургандыгын айтты. Анын оюнда, «Ахмад Кадыров - республикада президенттик такка татыктуу жалгыз талапкер».

Ал эми 27-августта каттоодон өтүп, кайра 2-сентябрда талапкердигин алып салган ишкер Хусейн Жабраилов өз чечимин мындайча түшүндүрдү.

- Республиканын руханий жетекчилиги жана өзүмдүн командам менен акылдашып көргөндөн соң, «чечен жериндеги ички диалогду улантуу зарыл» деген бүтүмгө келдик. Бул болбосо, чечен жеринде тынчтык да, туруктуулук да орнобойт. Анткен менен абал өтө оор – эгерде мен шайлоодо жеңишке жетишсем, буга чейинки аткарылган иш үзгүлтүккө учурап калмак.

Ишкер Жабраилов бул чечимин республикада иш алып кетүү дээрлик мүмкүн эместигин билгенден соң кабыл алган.

Президенттикке талапкерлердин дагы бири, Орусия парламентинии экс-спикери Руслан Хазбулатов да шайлоого карата оюн пессимисттик маанайда түшүндүрөт. Анын айтымында, «Чечен жеринде бүгүн президенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө эч кандай шарттар жок экендигин жакында ал жерде болгон учурда түшүнгөн».

Айрым талапкерлердин мындай ойлорун четке кагуу менен республиканын администрация башчысы, президенттикке талапкер Ахмад Кадыров шайлоо өнөктүгү расмий түрдө башталганга чейин эле өзүнүн программасы тууралуу баардык каналдар аркылуу маалымат тарката баштады. Ал ваххабизм менен күрөшүү боюнча федералдык деңгээлде мыйзам кабыл алуу жана куралын таштаган буга чейинки жоочуларга жарыялануучу мунапыс мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү сунуштарды киргизди.

Кадыровдун сөзүнө караганда:

- Шайлоодон кийин куралын таштоону каалаган жоочулардын саны дагы көбөйөт деп ишенем. Анткени азырынча алар шайлоолордон кийин ким такка келээрин билишпей, жоромолго батып, курал таштоодон коркуп турушкан кези. Ошондуктан, мунапыс мөөнөтүн узартуу керек деп эсептейм.

Ошентип, 5-сентябрдан тарта шайлоого агитация жүргүзүү өнөктүгү расмий түрдө башталды.
XS
SM
MD
LG