Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Эртең Бишкекке Кытайдын тышкы иштер министри келет


БИШКЕК. Эртең Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун чакыруусу менен Бишкекке Кытайдын тышкы иштер министри Чжаосин мырза баштаган делегациянын келиши күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Эки өлкөнүн министрлеринин жолугушуусунда саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланышты мындан ары кеңейтүү жана чыңдоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле «Кыргыз-Кытай маалымат коммюникесин» кабыл алуу жана эки өлкөнүн ортосундагы «Достук жана кызматташтык тууралуу» ратификациялык келишим грамотасына кол коюу пландаштырылган. Кытайдын тышкы иштер министри президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары менен жолугушмакчы. Бүрсүгүнү кытайлык делегация Токмок шаарындагы кагаз-картон фабрикасы менен таанышат.

XS
SM
MD
LG