Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Иран менен Улуу Британия ортосундагы чатак күч алууда


Ирандын ИРНА аттуу өкмөттүк маалымат агенттиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, Улуу Британия тарабынан Ирандын Аргентинадагы мурдагы элчисинин камакка алынышы Британия менен Иран ортосундагы мамилелерге чоң залака тийгизиши мүмкүн. Өлкөнүн тышкы иштер министри Камал Харази ал тууралуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Строуга да телефон чалып айткан. Мурдагы элчи Хади Сулейманпур август айында Лондондо кармалган жана ал - 1994-жылы Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарындагы Жөөт борборунда ишке ашырылган террордук аракетке тийешеси бар деп күнөөлөнүүдө. Жардыруудан 85 адам курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG