Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Чеченстанда бүгүн президенттик шайлоо өнөктүгү башталды


Чеченстанда бүгүн шайлоо өнөктүгү расми түрдө башталды. Президенттик шайлоо 5-октябрга белгиленген жана бардыгы болуп он талапкер катталган. Алардын негизгилери - Маскөө тарабынан түзүлгөн чечен администрациясынын башчысы Ахмад Кадыров, бизнесмен Малик Сайдуллаев жана Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Асланбек Аслаханов. Аслан Масхадов 1997-жылы беш жылдык мөөнөткө шайланган, анын президенттик мөөнөтү былтыр аяктады, бирок 1999-жылы экинчи согуш баштаган Маскөө Масхадовду президент катары тааныбайт.

XS
SM
MD
LG