Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

ЫСЫККӨЛ ОЮНДАРЫ


6- сентябрда Чолпоната шаарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата 3 – эларалык Ысыккөл оюндары спорттун 9 түрү боюнча башталды. Оюнга Борбор Азия жана Орусиянын 22 командасы катышууда.

Мындан 2 жыл мурда эл достугуна данакер болсун деген тилек менен уюшулган Ысыккөл оюндары быйыл Чолпонатада үчүнчү ирет өткөрүлгөнү турат. Биринчи оюндар- «21-кылым – улут ден соолугунун кылымы» деген ураан менен башталып, а кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев баштаган кыргыз өкмөтү колдоого алып, каражат бөлгөн. Демилгени Борис Рогатин башында турган спорт уюмдарынын эларалык конфедерациясы да ар тараптан колдоп, көмөк көрсөткөн.

Алгач Ысыккөл оюндары спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлүп, 35 жаштан жогорку ар кыл кесиптеги спорт ардагерлери катышкан. Биринчи эларалык Ысыккөл оюндарында Орусия спорттук держава экендигин далилдеп, жалпы командалык биринчиликти Свердлов областынын өкүлдөрү жеңип алышкан. Алар 7 алтын, 7 күмүш жана 2 коло медалдарды тагынып, олжолуу кетишкен. Кыргызстандын тандалма командасы бул алгачкы таймашууларда 3 алтын, 3 күмүш жана 6 коло байгелүү болгон. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр 2 алтын байгелүү болсо, футзал оюндарында да өлкөнүн намысын колдон чыгарбай, жогорку тепкичке көтөрүлгөн. Оюндун кадыр-баркын арттырган, учурунда дүйнөгө таанылган орусиялык олимпиада чемпиондору Надежда Раджевич, Лидия Логинова, Светлана Кунышева, дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Игорь Бугров, Сергей Мерзляков жана Андрей Поландын Чолпонатага келиши болгон.

Совет доорунда казак спортунун сыймыгына айланган Райым Идирисов, Рустам Максимов менен Төлөндү Ахмеджановдун Ысыккөл оюндарына келиши анын таасирин арттырган. Ысыккөл оюндарынын алгачкы рекордун казакстандык чоюн көтөрүүчү Николай Гаврилко койгон. Ал 25 кг чоюнду 160 ирет башынан бийик көтөрүп, алтын медаль тагынган.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан Ыссыккөл оюндарына Борбор Азия менен Орусиянын 500гө жакын спорт ышкыбоздору мөрөй талашууга келүү ниетин билдиришкен. Орусиянын командасында Москва шаарынын, Оренбург, Красноярск , Ярослав, Свердлов областтарынын өкүлдөрү бар. Меймандардын алды Чолпонатага келишти. Спорт уюмдарынын эларалык конфедерациясы жетекчилери да кыргыз жергесине келди. Оюнга Борбор Азия командалары да катышмакчы. Бул жөнүндө Ысыккөл эларалык оюндарынын башкы катчысы Кудайберген Исмаилов буларды билдирди:

- Кыргызстандын намысын 80 спорт сүйүүчүлөрү спорттун 9 түрү боюнча коргомокчу. Команданын катарында сууда сүзүү боюнча Европанын экс- чемпиону, олимпиада оюндарынын катышуучусу Ахмед Анарбаев, учурунда «Алга» футболдук командасынын сыймыгы болгон Мехлис Кошалиев, Владимир Орешин жана башка атактуу спортчулар бар. Бул оюндун негизги максаты, биринчиден, негизги байлык – ден соолук дегендей, калктын ден соолугун чыңдоо. Оюндар эки топ менен өткөрүлөт, биринчиси 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдеш болот. Бул салтка айланып баратат.

Быйыл таластыктар мындай оюнга биринчи ирет катышууда.
Эларалык Ысыккөл оюндарына Талас обласынын командасын баштап келген спорт комитеттин төрагасы Шаршенбек Конгантиев буларды кошумчуларды:

- Биз волейбол менен стол тенниси боюнча командаларды кошуп жатабыз. Быйылча байкап көрүп, тажырыйба топтосок, кийинки жылы спорттун башка түрлөрүнөн да команда коебуз. Бул оюн менен Ыссыккөлдү рекламалап, туризмдин өсүп- өнүгүшүнө салым кошсок деген тилек.

Биринчи Ысыккөл оюндарында калыстардын атынан ант берип, калыстыктан тайбоого убада берген волейбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эларалык калыс Адыл Кукеев оюндун деңгээлин көтөрүү боюнча мындай сунуштарын ортого салды:

- Спорт- достуктун, тынчтыктын элчиси экендигин айгинеледи. Бул оюндардын масштабын кеңейтип, коңшулаш Кытай Эл Республикасы, Ооганстан, Индия, Түркия жана башка мамлекеттерден чакырып, спорттун олимпиадалык түрлөрүн да кошсо дурус болмок. Волейболдон өлкөнүн намысын ардагерлер командасы татыктуу коргоп, байгелүү орунга жетет деп үмүт кылам.

Быйылкы Ысыккөл оюндарын өткөрүүгө кыргыз өкмөтү 2 млн. сомго жакын каражат бөлдү. Афины олимпиадасына жолдомо жеңип алууга мүмкүн болгон эларалык мелдештерге, дүйнө чемпионаттарына катышууга каражат табылбай, курама команданын мүчөлөрү 6-7 айдан бери стипендияларын албай, машыгууга шарт түзүлбөй жатканда, спорт чиновниктеринин Ысыккөлдө оюндарды шылтоо кылып, аракет көрбөй жатышын айрым спорт адистери сынга алышууда. Мындай оюндар Минскиде, Астанада да өткөрүлүп жүргөндүгүн эске алсак, Ысыккөл эларалык оюндарынын деңгээлин көтөрүү үчүн Кытай Эл Республикасынын, Түркиянын, Индия, Пакистан, Ооганстан жана Иран мамлекеттеринин спортчуларын да чакырса дурус болмок.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG