Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд Ирактагы сапарын аяктады


Бүгүн ал түштүктөгү борбордук тилкеде жайгаштырылган Польшалык аскер контингентинин командачылыгы менен жолугушту. Рамсфелд бул контингентти кураганга 22 өлкө катышканын белгилеп, алардын Ирактагы абалды жөнгө салууда аткарып жаткан иштерин жогору баалады. Бүгүн Британия Иракка кошумча дагы 120 жоокер жөнөттү. Бул кадамды кубаттап, Пентагондун башчысы Иракта абал калыбына түшүп баратканына карабастан коалициянын күчтөрү бул жерде дагы көпкө кала тургандыгын белгиледи. Рамсфелд Иракка мындан үч күн мурда келген эле.

XS
SM
MD
LG