Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Жакынкы чыгыштагы кырдаалды Евросоюздун тышкы иштер министрлери да талкуулашты


Италиянын Рива дел Гарда шаарындагы жыйында алар региондогу кырдаал эң кыйын чегине жетти деп баалашты. Бул тууралуу билдирип, Евросоюздун жетекчилигинин мүчөсү Хавер Солана түзүлгөн жагдайга байланыштуу колдон келгендин баарын жасоо керек, деп белгиледи. Палестин премьеринин отставкасы жөнүндөгү маалыматтардын чын-төгүнүн териштирүү максатында ал шашылыш түрдө регионго аттана тургандыгын ырастады. Бүгүн Израилдин аскер авиациясы Газа тилкесинде турак-жай имаратын ракетадан аткылады. ”Хамас” уюмунун диний лидери шейх Ахмед Ясин жеңил жаракат алды, дагы үч киши жарадар болду.

XS
SM
MD
LG