Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

Cууга чөкпөс демократия, «Манас» операсы, парламент талкуусу


Кыргыз парламентинде Лениндин эстелигин башка жерге көчүрүү маселеси эки күн талкууланды. Соңунда күткөн жыйынтык чыкпай, өкмөт ордунда калды. Парламенттеги эки күндүк талкуу кыргыз басылмаларынын баарында комментарийге алынды. «Манас Ордо» маданий комплексинде кыргыз мамлекеттүүлгүнүн урматына «Манас» операсы коюлду. Президент А.Акаев «демократия аралы» аркыл толкун-тоскоолго карабай, тереңдеп баратканын ырастады.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган салтанат Таластын «Манас Ордо» комплексинде өзгөчө шаң менен өттү. Кыргыз опера театрынын артисттеринин аткаруусунда айтылуу «Манас» операсы жаңырды. «Эми болсо ошол оюндан чоң талаш чыкканы турат», - деп жазат жума күнкү «МСН» гезитинде Токторбек Жаналиев менен Зоя Исматулина. Анткени операда артисттер өз үндөрү менен ырдабай мурда жазылып алынган фонограммага ишаарат кылуу менен гана чектелишкен. Дүйнөдөн көзү өтүп кеткен улуу ырчылардын үнүн минтип мыйзамсыз пайдалангандыктары үчүн маркумдардын жакындары театрды сотко берүүгө даярданып жатышат. Театр болсо күнөөнү улуттук радиого оодарууда, алар кимдин үнү жаңырганын элден жашырбай айтышы керек болчу деген жүйөөнү алдыга жаюуда. Майрам тушунда Чолпонатада «Айчүрөк» операсы коюлган. Ал да фонограмма менен өткөн, деп маалымдайт макала авторлору.

2015-жылы кыргыз коому жердешчилик же уруучулукка байланышы жок, коммунист болбогон жетекчини шайлоого даяр болушу ыктымал, деп жазат Замир Өсөров «Айдар президент болобу?» деген макаласында. Коомдо демократия үстөмдүк кылып, калктын саясий зиректиги жогорулаган чакта кимдин кайдан экендиги анчалык деле маанилүү эмес. Иш колунан келген инсанга гана ишеним көрсөтүлөт, - деп белгилейт макала автору.

«Лениндин бакубат эстелиги чоң аянтка жарашып турчу, эми ал Жогорку Кеңештен жардам сурап тургандай таасир калтырат», деп жазат Рина Приживойт «Эстелик көчүрүүнү – бүлгүн, Николай Танаевди – Герострат аташты» макаласында.

«Вечерний Бишкек» гезити 5-сентябрдагы санында ушул темага кайрылып, депутаттар шайлоочуларынын суроо-талабын айтыштын ордуна саясий талашка түшүп алышканына токтолду. Гезит редактору Ольга Безбородованын жазганы боюнча, мыйзамчыларга республика камы эмес, кайсы бир кызмат керек болуп жатыптыр.

«Мен кызматта турган чагымда демократия жолунан тайып кетүү жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес,- деп билдирди президент Акаев орусиялык «Известия» гезитинде жарыяланган маегинде. «В конце недели» апталыгы 5-сентябрдагы санында аны көчүрүп басты. «Демократия аралчасы» сууга чөкпөйт, демократия жаатында биз аябай алдыга кеттик», дейт президент. Президент кыргыз тарыхы тууралуу дагы бир сырын ачат:
«Качандыр бир кезде, 2 миң жыл илгери кыргыздар Енисей дарыясынын алабында өзүнүн биринчи мамлекетин түптөгөн. Ошондон улам айтса болот, биз да Орусиядан чыкканбыз. Орус жери кыргыздардын бешиги болду».
Президенттин айтымында, кыргыздар менен орустар монгол баскынчыларына каршы турушкан.

Кары адамдар жарыбаган пенсия алып жатышканын айтуунун ордуна парламентчилердин «Ленин темасын» талашка айландырышканы, айыптуу деп «биздин уруудан чыкпаган» өкмөт башчысын жарга такашканы жарабаган жосун экенин ушул эле гезитте В.Акчурин менен А.Шепеленко жазып чыгышты. Авторлордун ырасташынча, жаңыга жол ачуу керек.

Кыргызстандык дыйкандардын жер үлүшүндө көбүнчө кошуна республикадан келген мандикерлер иштери Самидин Стамбековдун «Бишкек таймс» гезитиндеги макаласында баяндалат. «Бу кыргызың шымынын аласы айрылып турса деле малай жумшагыч келет экен, - дейт макала автору. - Үлүшкө тийген жерине кетмен көтөрүп баргандан кадимкидей арданат, тообоо, анын ордуна бир табак аш демдетип, эки шише вино, элүү сом акча берсең, бүттү – үлүшүң сугарылат да калат». Жалданып иштөөнүн экономикалык себеп-жөнүнө токтолгон автор минтип жазат: «Аларга эки өлкөдө тең кыйын. Өзбекстанда «гүлдөп-өнүгүп жаткан эркин Өзбекстанды» келеке кылышкандыктары үчүн жектешип, кул базардагы адамдарды ар тарапка кубалап таркатып турушат, чегаралардан өткөрбөй кыйнашат, ал тургай себеп таап камап да салышат. Бизде болсо, мүмкүн болушунча көбүрөөк иштетип, азыраак төлөгүлөрү келишет».

Парламент өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылганын «Заман Кыргызстан» гезити да 5-сентябрдагы санында токтолду.
XS
SM
MD
LG