Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

КЫТАЙДЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ КЫРГЫЗСТАНДА


6-сентябрда Кытайдын Тышкы иштер министри Ли Чжаосин Кыргызстанга ырасмий сапар менен келди. Ушул эле күнү эки өлкөнүнүн Тышкы иштер министрлери Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимдин ратификациялык грамоталарын алмашуу боюнча протоколго жана кыргыз-кытай маалымат коммюникесине кол коюшту.

Кытайдын Тышкы иштер министри Ли Чжаосин Бишкекке Ташкент шаарынан келди. Буга чейин маалымдалгандай, Өзбекстандын борбор шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери 4-5-сентябрда жыйын курушту. Дароо эле айта кете турган маалымат, ал отурумда Шанхай уюмунун антитерррордук борборун мурда болжолдонгондой Бишкекте эмес, Ташкентте ачуу тууралуу чечим кабыл алынды.

6-сентябрда Кытайдын тышкы иштер министри Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев менен, Жогорку Кеңештин эки палатасынын төрагалары менен, жана кыргызстандык өнөгү Аскар Айтматов менен жолугушту. Ли Чжаосин менен Аскар Айтматовдун жолугушуусунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимдин ратификациялык грамоталарын алмашуу боюнча протоколго жана кыргыз-кытай маалымат коммюникесине кол коюлду. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге Президент Аскар Акаев менен Кытайдын төрагасы Цзянь Цзэмин өткөн жылдын 24-июнунда кол коюшкан.
Ли менен жолугушуу учурунда өкмөт башчысы Николай Танаев ал келишимди эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин чыңдалышына оң таасирин тийгизди деп баалады:

- Эки мамлекеттин башчылары 2002-жылдын 24-июнунда кол койгон Достук жана кызматташтык жөнүндө келишим эки тараптуу мамилелердин жаңы баскычка көтөрүлүшүнө чоң таасирин тийгизген учур болуп сананалат.

Мындан тышкары кыргыз өкмөт башчысы Кытай тарабынан берилип жаткан жардамдар үчүн Ли Чжаосин мырзага ыраазычылык билдирди. Ага айкын мисал катары Танаев мырза Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолун оңдоого Кытайдын 30 млн. юань бергенин белгилеп өттү. Жолугушууда Кыргызстандын аба жана темир жол байланыштарын өнүктүрүү иштерине да Кытай тарап чоң көмөк көрсөтүп келатканы белгиленди:

- Сизге жана Сиз аркылуу Кытай өкмөтүнө кытай-кыргыз-өзбек темир жолун түндүк тарап менен, Торугарт аркылуу куруу боюнча вариантты колдоп бергениңиздер үчүн ыраазылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиз. Эгер бул темир жол бүтсө биздин өлкөнүн борбордук аймагынын өнүгүшүнө жана авто жана темир жол аркылуу жакшы байланышы жок түндүк жана түштүк аймактарыбызды катташтырууга чоң салымын кошот.

Өкмөт башчысы соода-экономикалык байланыштар акыркы убакта чыңдала баштаганын айтты. Кыргыз өкмөтүнөн алынган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 6 айында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 18,8% өсүп, 110 млн. долларды түзгөн. Кыргызстан Кытайга электр энергия сатууга да кызыкдар болууда.

Николай Танаев менен жолугушуу учурунда Кытайдын Тышкы иштер министри Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюму алкагында террордук топтор менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазылык билдирди:

- Кытай сиздерге Тайвань жана Тибет маселелери боюнча жана Чыгыш Түркүстан сыяктуу террорчул күчтөр менен күрөштө бизди колдоого алганыңар үчүн ыраазычылык билдире.

7-сентябрда Ли Чжаосин президент Аскар Акаев менен жолуккандан кийин Токмоктогу кагаз-картон фабрикасына барат.

XS
SM
MD
LG