Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/224DF517-881B-4096-8396-09921496CF43_w203.jpg АКШ өкмөтүнүн ичинде Ирак маселеси боюнча Пентагон менен Мамлекеттик департамент ортосунда башынан тартып ири араздашуу болуп келгени белгилүү. Ошондуктан америкалык жетекчиликтин Ирактагы маселелерди Бириккен Улуттар Уюму менен биргелешип чечүү тууралуу кайрылуусун кээ бир эксперттер - мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин жеңиши катары баалоодо. Бирок аны менен Ирак маселеси өтө деле жеңилдебейт.

Колин Пауэлл өзү генерал жана бир кезде АКШ аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосун жетектеген, Доналд Рамсфелд болсо, коргоо министрлигин башкарганы менен, өзү аскерий эмес киши. Ошондуктан, Ирак согушу даярдалып жатканда Пауэлл маселени мүмкүн болушунча тынчтык ыкмалары менен чечүүгө аракеттенип, Рамсфелд катуу чараларды сунуштаганы - өзүнчө эле парадокс болгон. Президент Жорж Буш бул маселеде Пентагондун турумун колдоп, Иракка каршы согушту Бириккен Улуттардан уруксат албастан баштаган жана акыркы мезгилге чейин АКШ өкмөтүндө бул маселе боюнча Пентагондун пикири үстөмдүк кылып келген.

Ирак согушунда АКШ жеңип чыгып, зулум Саддам Хусейнди президенттиктен кулаткандан кийин - мына, маселенин аскерий бөлүгүн биз бүтүрдүк, эми Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерин эл аралык коомчулук биргелешип чечсин десе, Вашингтондун кадыры бир кыйла көтөрүлмөк. Бирок Пентагон жана аны колдогон Буш Ирактагы иштерге Бириккен Улуттарды кошпостон, бардык маселени АКШ өзү жалгыз чече алат деп, дүйнө мамлекеттеринин өз алдынча коалициясын да түзгөн. Анткен менен АКШны колдогон жыйырмадан ашык өлкө баары биригип Иракка он миң аскер жиберүүгө гана жетишти, АКШ өзү болсо Иракта эмгиче 140 миң солдат кармоого аргасыз. Бул күчтөр Саддамды колдогон аскерий түзүлүштөрдү кууп-жоготуунун ордуна азыр полициянын милдетин аткарууда.

Ошондуктан 4-сентябрда Буш менен Пауэлл жолугуп, Ирактагы иштерге Бириккен Улуттарды кененирээк кошуш керек деп макулдашканы - АКШ өкмөтүндөгү абал өзгөргөнүн көрсөтөт. Эксперттер арасында - көптөн бери катуу сүйлөй албай калган Пауэлл тымызын таймашта Пентагонду жеңди деген пикир да тарай баштады жана Рамсфелд Иракка шашылыш түрдө кетип, ал жердеги америкалык аскерлер менен жолукканда, бардыгы жайында деп айтууга аргасыз болду.

Пауэллдин жардамчылары даярдаган Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясынын долбоору Коопсуздук Кеңешинде талкуулана баштады, бирок ал оңой-олтоң кабыл алынат деп айтуу азырынча эрте. Биринчиден, долбоор боюнча Ирактагы аскерлерге эл аралык деген макам берилгени менен, саясий жана аскерий жараяндарга мындан ары деле АКШ жетекчилик кыла бермекчи, ошондуктан Вашингтон Бириккен Улуттардын жардамы менен Иракка дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн аскерлерин алып келип, өз чыгымдарын кыскартууну гана көздөөдө.

Экинчиден, Алмания жана Франция сыяктуу өлкөлөр жаңы долбоорду деле сынга алууда, анткени Ирактагы иштерде Бириккен Улуттар баары бир негизги мааниге ээ боло элек. Үчүнчүдөн, кээ бир мамлекеттер АКШнын Ирак саясатын түп-тамырынан бери жактырбагандыктан өз аскерлерин өлкөгө жибербей жатат жана Бириккен Улуттардын чечими керек деген, чындыгында, жөн гана шылтоо. Төртүнчүдөн болсо, Ирактагы бардык иштерди Бириккен Улуттар Уюму жетектөөгө киришсе деле, маселе ошону менен чечилип кетээри өтө күмөн.

Ага - мурдагы Югославиядагы ич-ара согушту токтотуу маселеси эле далил боло алат. Европанын чок ортосунда үч жылдан ашык уланган согушту Европа Биримдиги дагы, Бириккен Улуттар да токтото албай койгондо, маселени 1995-жылы АКШ колуна алып, аны күч менен чечкен. Андан мурда Руандада же андан кийин болгон Косоводогу кыргынды да Бириккен Улуттар токтото алган эмес жана Сербияга каршы 1998-жылдагы аскерий соккуну НАТО уюму АКШнын басымы алдында жасаган. Ирак маселеси канчалык татаал экенин Бириккен Улуттардын жетекчилиги өзү да жакшы түшүнөт, ошондуктан Вашингтон менен ал тууралуу өтө деле көп эрегишпейт.
XS
SM
MD
LG