Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

АКШ ИРАКТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮДӨ БУУдан ЖАРДАМ КҮТӨТ


8-сентябр күнү АКШ президенти Жорж Буш өлкө калкына теле аркылуу кайрылуу жасайт. Бишкек убакытысы боюнча таңкы саат алты жарымга белгиленген кайрылуусунда Буш Ирактагы абалды стабилдештирүү иштерине БУУ көбүрөөк тартылсын деген демилгеси менен чыгат деп күтүлүүдө. Ирактын өзүндө болсо коалиция күчтөрүнө каршы кол салуулар уланып жатат.

Президент Буштун телекайрылуусу көпчүлүк байкоочулар тарабынан Ирак саясатындагы бурулуш учур катары бааланууда. Белгилүү болгондой, буга чейин Вашингтон администрациясы чет өлкөлүк аскерлер Иракта коалиция күчтөрүнүн алкагында гана жайгаштырылсын деген турумда болуп келген. Америкалык жоокерлер арасында күн санап өсүп бараткан жоготуулар Бушту өз позициясын өзгөртүүгө мажбурлгансыды. Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Скот МакКлиландын айтымында :“Президент биздин ийгиликтерибиз менен алдыда жасала турган иштерибиз жөнүндө сөз кылыш үчүн бул ыңгайлуу мезгил деп эсептейт”.

Анын үстүнө 2004-жылкы президенттик шайлоо да жакындап келатат. Соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй, Буштун рейтинги америкалыктар арасында кескин төмөндөп, 55 пайызга түшүп кеткен. Анын атасынын популярдуулугу 1991-жылкы Перс кампаниясынан кийин дээрлик 20 пайзыга жогорураак болчу. Иракты калыбына келтирүүгө эмки жылга Ак Үй Конгресстен 60 миллиард доллар сурайт деп болжолдонууда. Экономисттердин ырастоосунда, америкалыктар мындай чыгымды зорго көтөрө алышат. Ирактын мунай куурлары менен инфраструктурасы ири саботажга учурап жаткан кезде, кара майдан түшкөн кирешеге көп үмүт артууга да болбойт.

Ушунун бардыгын эске алуу менен Вашингтон БУУга кайрылып, Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алуу иштерин тездетүүгө дипломатиялык аракет жасап жаткан кез. Ошондой документ кабыл алынса, Иракка БУУнун мандаты менен эл аралык тынчтык күчтөрү жиберилиши мүмкүн. Бириккен Улуттардын баш катчысы Коффи Аннан Си-эн-эн каналына берген маегинде: “Бардык тараптардын кызыкчылыктарына жооп бере ала турган резолюциянын кабыл алынышына мүмкүнчүлүк бар деп эсептейм” деген оюн билдирди. Аннан “Коопсуздук Кеңешине кирген 15 мамлекеттин тышкы иштер министрлери менен жакын арада чогулуп, бирдиктүү позиция жана бул жааттагы алга жылуунун жолдорун талкууласак жакшы болот эле”,- деп кошумчалады. “БУУнун ролу даана аныкталышы керек. Анын мандаты так жана реалдуу болушу абзель”, - деди башкы катчы.

Аналитиктердин эсебинде, Вашингтондун турумунун өзгөрүшү учурда башынан оор кезеңди кечирип жаткан британ премьери Тони Блэр үчүн жакшы жышаана болуп бериши мүмкүн: бир жагынан келечекте Ирактагы британ аскерлеринин саны кыскартылып, экинчи жагынан, Лондон Европа Биримдиги менен солгундай түшкөн дипломатиялык мамилелерин оңдоп алууга мүмкүнчүлүк ала алат. Учурда болсо Британия Иракка кошумча аскер жиберүүгө даярданууда. Коргоо министри Жеф Хун дүйшөмбүдө өлкө парламентинде билдирүү жасап, 2 миң жоокердин Басра аймагына жол тартуусун бышыктайт деп күтүлүүдө. Алардын 120сы дем алыш күндөрү Кипрден Иракка аттанганы кабарланууда.

Анын аралыгында Ирактагы үч күндүк инспекциясын аяктап жатып, АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Ирак эли өлкөдөгү коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өз колуна алыш керек деген пикирин баса белгиледи. Ошол эле мезгилде министр коалиция аскерлерине каршы дээрлик күнүгө кайталанып жаткан кол салуулар согуш учурунда Саддамдын күчтөрү түп тамырынан жок кылынбагандыктан келип чыгууда деп билдирди. Ишемби күнү Багдаддагы пресс-конференцияда Пентагондун башчысы:

- Согуш иш жүзүндө эч качан токтогон эмес. Салгылашуулардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн. Багдаддын түндүгүндөгү ирактык күчтөр болсо бир нече убакыт туруштук берип, андан кийин өлкөнүн айыл-кыштактарына жашырынып кеткен. Натыйжада, ошол жерлерде алиге чейин БААСтын мүчөлөрү сакталууда. Жана алар коопсуздук проблемаларын жаратып жатышат.

Ирактагы коалиция күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Рикардо Санчестин билдиргенине караганда, соңку беш күндүн ичинде эле анын кол астындагы жоокерлерге каршы күнүнө 15 жолу чабуул жасалды. Кол салуулардын жарымы миномет өңдүү курал-жарак же алыстан башкарылган бомалардын жардамы менен ишке ашырылган.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG