Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Кыргызстанда Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча альянс түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстанда Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча демократиялык күчтөрдүн альянсы түзүлдү. Ага өлкөдөгү айрым саясий партиялар, бир катар бейөкмөт жана укук коргоочу уюмдар, ошондой эле белгилүү саясатчылар жана көз карандысыз журналисттер киришти. Бул уюм ыктыярдуу түрдө түзүлүп жаткандыгына байланыштуу Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтпөйт. Коррупцияга каршы күрөш боюнча альянс өкмөт, парламент менен кызматташып, Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу мыйзамдарга тиешелүү алымча-кошумчаларды киргизүү, аларды жүзөгө ашыруу, коррупцияга каршы күрөшүүгө коомчулуктун кеңири катмарын катыштыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзмөкчү. Бул жөнүндө бүгүн Коррупцияга каршы күрөш альянсынын курамындагы «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова «Азаттыкка» маалымдады.

XS
SM
MD
LG