Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Кыргызстандык укук коргоочулар Дублиндеги жыйынга катышат


БИШКЕК. Бүгүн кыргызстандык укук коргоочулар Ирландиянын Дублин шаарына дүйнөдөгү укук коргоочу активисттердин эл аралык жыйынына катышканы жөнөп кетишти. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун жана «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова Дублинде жыл сайын өтүүчү бул жыйынга Адам укуктарын коргогон активисттерди коргоо боюнча эл аралык фонд тарабынан чакырылды. Укук коргоочулардын бул жыйынына Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү жана дүйнөнүн 70 өлкөсүнүн укук коргоочу активисттери катышат. Жыйында укук коргоочулардын ишмердүүлүгү, алардын иш-аракеттеринин жаңы багыттары талкууланып, укук коргоо уюмдарынын иштиктүүлүгүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу маселеси каралат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG