Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47
БИШКЕК. Бүгүн Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин президент Аскар Акаев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ар тараптуу кызматташуу, эки өлкөнүн ортосундагы саясий өнөктөштүктү жакшыртуу боюнча пикир алмашышты. Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги маалымдагандай, Ли Чжаосин баштаган кытай делегациясы бүл күнү Токмоктогу картон-кагаз фабрикасында да болду. Бул фабрика кытай ишкерлери тарабынан 2002-жылы курулуп, ишке киргизилген. Ушул эле күнү Кытай Эл Республикасынын делегациясы Бээжинге жол тартты. Кытай делегациясынын Кыргызстандагы эки күндүк иш-сапары учурунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимдин ратификациялык грамоталарын алмашуу боюнча протоколго жана Кыргыз-кытай маалымат коммюникесине кол коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG