Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Орусиялык режиссердун фильми эл аралык сыйлык алды


Венецияда өткөн “Алтын арстан” аттуу эл аралык кинофестивалдын баш байгесин Орусиялык кинорежиссер Андрей Звягинцевдин “Кайтып келүү” аттуу алгачкы фильми жеңип алды. Ал фильмде он жылдык ажырымдан кийин эки уулу менен атасынын кайра жолугушуусу сүрөттөлөт. Фестивалдын гран-при сыйлыгын Ливандык кинорежиссер Ранда Шахал Саббагдын «Батперек” аттуу фильми жеңип алды. Ал фильм Ливан менен Израилдин чек арасында болгон сүйүү тууралуу баяндайт. Фестивальда эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн башкы сыйлык Шон Пеннге ыйгарылды. Ал сыйлыкка “21 грамм” аттуу фильмде өлүм алдындагы профессордун ролун аткаргандыгы үчүн татыктуу болду. Ал эми аялдардын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн башкы байге Германиялык актриса Катья Римманга, “Розенштрассе” деген фильмде ойногон ролу үчүн ыйгарылды.


Бүбүкан Досалиева, Прага

XS
SM
MD
LG