Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Москва Түндүк Кореяга энергия сатат


Орусия Түндүк Корея менен соода байланышын кеңейтүүгө ниеттенип калды. Бул тууралуу бүгүн Орусия президентинин Ыраакы Чыгыштагы өкүлү Константин Пуликовский билдирди. Анын айтымында, Орусия Корей жарым аралына электр энергиясын экспорттойт жана бул Ыраакы Чыгышта Орусиянын энергия системасын түзүү планынын бир бөлүгү болуп саналат. Пуликовский бул маселелердин бардыгын Түндүк Кореяга жасаган төрт күндүк визитинин учурунда өлкө жетекчилери менен жолугуп талкуулады. Визит учурунда андан тышкары Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан улам пайда болгон чатак тууралуу да сөз болгон.

XS
SM
MD
LG