Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Израиль Индия менен алакасын бекемдейт


Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон дүйшөмбүдөн тарта Индияга расмий визит менен барат. Ал Израилдин Индияга визит менен барган алгачкы өкмөт башчысы болот. Делегациянын курамында өкмөттүн мүчөлөрү, ишкерлер жана Израилдин аскерий тармактарынын өкүлдөрү бар. Индия жакында эле Израилден алыстан маалымат берүүчү миллиард долларлык радар системасын алган. Бул жолу да эки мамлекет жетекчилери Индия менен Израилдин коопсуздук жана коргонуу жаатындагы кызматташуусу тууралуу пикир алышат. Индиядагы мусулмандардын өкүлдөрү Ариэл Шарондун визитине каршы болуп, “исламдын душманы” менен кызматташууга болбой тургандыгын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG