Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп кетти


АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Палестинанын премьер-министрлигине ким келсе да, ал бардык террорчул уюмдарга каршы турууга жарамдуу болуусу, ага мындай укукту Палестин парламенти бериши зарыл деп билдирди. Анын пикири боюнча, Палестиндин жаңы өкмөт башчысы террорчул уюмдарга басым жасай ала тургандай укукка ээ болууга тийиш жана Палестиндин бардык коопсуздук кызматы ага баш ийүүгө милдеттүү. Колин Пауэлл мындай билдирүүсүн Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббастын кызматтан кетүүсүнө байланыштуу билдирди. Ал эми Махмуд Аббас кызматтык ыйгарым укуктарга толук ээ боло албаганынан улам кызматтан кете тургандыгын кечээ жарыя кылган. Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом Махмуд Аббас кызматтан кетсе Ясер Арафатты Палестиндин аймагынан кууп чыгыш керектигин билдирди. Ал эми Палестинанын тышкы иштер министри Набил Шаас Арафат куула турган болсо Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды ого бетер курчутаарын белгиледи. Европа Биримдигинин коопсуздук боюнча өкүлү Хавье Солано бул окуядан улам региондогу кырдаал өтө курчуп кеткендигине катуу тынчсызданды. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Строу :
Абал абдан курч. Европа Биримдигинин Ясер Арафат менен премьер министрдин ортосунда бийликтин так бөлүнүшүн каалаган. Биз мыйзамдуу өкмөт башчы Махмуд Аббаска колдоо көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди жасадык жана азыркы түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун ыңгайлуу жолу табылат деген үмүттөбүз,- деп билдирди. Израилдин тик учмалары палестиндердин Газа тилкесиндеги турак-жайларын аткылап жатат. Кечээ “Хамас” уюмунун көсөмү Ахмед Ясин жеңил жарат алды. Буга кыжырданган “Хамас” уюму жөөттөргө каршы жаңы чабуулдарды жасаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG