Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

АКШ ООГАНСТАНГА АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮСҮН ТОКТОТПОЙТ


Ооганстандагы америкалык күчтөр акыркы эки жумадагы аскерий операция учурунда талибдер деп шектелген 200дөй согушчанды жок кылышты. Бул операция талибдердин өз күчтөрүн өлкөнүн түштүгүндө топтоосуна жол бербөөнү көздөйт деп билдирди Ооганстандагы АКШлык аскерлердин командачысы Жон Винс. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, ал Ооганстандагы америкалык аскерлерди көбөйтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейт.

Америкалык аскерлер акыркы эки жумада Ооганстандын түштүк аймактарында талибдер деп шектелген күчтөргө каршы жүрүп жаткан операция учурунда кеминде 200 согушчанды жок кылды. Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн командачысы, АКШлык генерал-лейтенант Жон Винс маалымдаганга караганда, Пакистан тараптан кирген 1000 чамалуу согушчан Кандагардын түндүк чыгышында топтолмок болгон.

Эрегишчи күчтөр, Винстин сөзүнчө, Хелманд, Кандагар, Урузган жана Забул провинцияларында айрыкча активдүү болууда.

2001-жылы декабрда Молдо Мухаммад Омар жетектеген талибан өкмөтү тымтыракай болгондон бери талибдердин азыркыдай өз ара биригүүгө умтулганы байкалбаган.

Убактылуу Ооган өкмөтүнө каршы күчтөрдүн Пакистан тараптан кирүүсү ырасмий Вашингтон менен Кабулду катуу тынчсыздандырууда жана алар “Пакистан качанга чейин талибдердин калканч жайы болот?” дешип, өтө бушайман.

Ооган өкмөтүнүн башчысы Хамид Карзайдын сөзүнчө, бийликти “талибдердин Пакистандын чек ара аймактарындагы аракеттенүүсү өтө камтама кылууда”.

Өткөн жуманын соңунда Ооганстанда болуп кайткан АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, Пакистан тараптан кирген талибдердин өз ара биригүү аракети “терроризм мамлекеттер аралык маселеге айланганын күбөлөйт”.

Рамсфелд талибдердин жандануусуна карабастан Ооганстандагы АКШлык аскерлердин санын көбөйтүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейт.
Ал Иракты мисал кылып, башка мамлекеттер Ооганстанга көбүрөөк аскер жөнөтүп, эл аралык коопсуздукка өз салымын кошуш керек жана Карзайдын өкмөтү коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы шарт деди.
Анткени, “Бир да эл чет элдик аскерлердин өлкөдө узак болуусун каалабайт”, деп түшүндүрдү Рамсфелд.

Ушу тапта Ооганстанда АКШлык аскерлер башындагы 11, 5 миңдик кол бар. Андан тышкары Кабулда 5 миң колдуу тынчтык күчтөрү жайгаштырылган.

Рамсфелд ошондой эле Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн реконстркуциялоо иштерине көмөк көрсөтүү масштабын кеңейтүүнү колдоду.

Өкмөт башчы Карзай жекшемби күнкү пресс-конференцияда АКШнын коргоо министринин визити учурунда Ооганстанды реконстркуциялоо, терроризмге каршы күрөшүү, улуттук армияны машыктыруу, провинцияларды реконструкциялоо сыяктуу олуттуу маселелер талкууланганын айтып, Рамсфелддин визи тууралуу мындай деди:

- Ал (Рамсфелд) Вашингтондон өтө жакшы куш кабар алып келди: АКШ Ооганстанды колдоосун токтотпойт, балким, мурдакыдан да көп жардам көрсөтөт.

“The Financial Times” гезитинин жазышынча, Кошмо Штаттары колдогон Ооган өкмөтүнө куралдуу каршылык көрсөтүү күчөгөнгө катар оогандар арасында өлкөнү кайра калыбына келтирүү иштеринин жай жүрүп жатканына байланыштуу нааразылыктар өсүүдө.”

Ошондон улам, президент Буштун администрациясы Карзайды келерки жылы болчу президенттик шайлоо алдында колдоо үчүн Ооганстанга ири өлчөмдө жардам бермек болууда.

“The Financial Times” гезитинин ырасмий булактарга таянып кабарлашынча, жардамдын суммасы 1 миллиард долларга жакын болушу ыктымал.

Хамид Карзай башындагы өткөөл өкмөттүн бийлигин көпчүлүк лашкер башчылар тааныгылары келишпей, борбордук өкмөткө моюн толгогон далилдер арбын. Талибдердин акыркы кездердеги жандануусу да өлкөдөгү кырдаалга оң таасир этпеси бышык.

Ошентсе да, талдоочулар талибдер бийликтен куулгандан бери Ооганстанда маанилүү өзгөрүүлөр жүрүп жатканын танып болбойт дешет . Анын мисалы катары мектепте окуган кыздардын саны өскөнүн айтышат.

“Азыр өлкөдөгү 7 миң мектепте 4,2 миллион бала окуйт,- дейт ЮНИСЕФтин Ооганстан боюнча программасынын директору Шарад Сапра.- Өткөн 2002-жылга салыштырганда мектепте окуган кыздардын саны 37 процентке же 400 миңге өскөн”.
XS
SM
MD
LG