Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:53

Ооганстанда кагылышуулар уланууда


Ооганстандын түштүгүндө буктурмага тушугуп беш өкмөттүк аскер набыт болду. Ошондой эле өлкөнүн чыгыш-түштүгүндөгү бүгүнкү кагылышууда АКШнын эки аскери жарадар болгону маалымдалды. Кандагар провинциясынын түштүгүндөгү Шахвали Кот районундагы кечээ күнкү чабуулдан болсо дагы беш өкмөттүк аскер жарадар болгон эле. Шахвали Кот районундагы чабуулдан кийин өкмөттүк аскерлер дароо издөө иштерин уюштуруп, 13 кишини кармашты. Алар талиптер менен байланышта болгон деп шектелүүдө. Эки жума мурун АКШлык жана ооган өкмөттүк күчтөрү Забул провинциясынын айланасында талиптерге каршы чабуул баштап, анын жүрүшүндө 100дөй талип жоокери өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG