Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Америкалык музыканттар Бишкекте жүрүшөт


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттарынан чыккан «Феникс» аттуу кыл аспаптар квартети 5-сентябрдан бери Кыргызстанды кыдырып концерт берип жүрөт. Бул тууралуу адистер Бишкектеги бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. Скрипка, альт жана виолончель аспаптарында ойногон төрт өнөрпоз Борбор Азия өлкөлөрүнө үч жумалык саякатка чыгышкан. АКШнын Мамлекеттик департаменти менен «Карнеги Холл» долбоору колдогон эл аралык бул программа маданий кызматташтыктын алкагында ишке ашууда. Программанын курамында кыргызстандык, казакстандык эки жана америкалык эки чыгармачыл топ бар. «Феникс» квартети Кыргызстанда 11-сентябрга чейин болот. Буга чейин ал Ош шаарында концерт берди. Мындан ары аткаруучулар Бишкекте жана Ысыккөл аймагында өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Айдын этегине чейин алар Өзбекстан менен Казакстанда болушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG